Turmush — Бүгүн, 16-апрель күнү Ак-Талаа районунда курулганына дээрлик 1 кылым болгон аскер комиссариатынын имараты бузулуп, анын ордуна жаңы имарат курууга старт берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, жаңы имаратка мезгил кутучасын салуу аземине коргоо министри Руслан Мукамбетов, район акими Мирлан Камчыбеков, Ооган согушунун, Баткен согушунун ардагерлери, мекеме-ишкана жетекчилери катышты.
Ак-Талаа райондук аскер комиссариатынын эски имараты 1927-жылы курулган. 1941-1945-жылдагы Улуу Ата-Мекендик согушка Ак-Талаа районунун согуш ардагерлери дал ушул имаратта каттоого алынып, согуш майданына жөнөтүлгөн. Аталган имараттын эскилиги жетип, дубалдарынан жарака кетип, пайдаланууга жараксыз абалга келген. Жаңы имарат куруу үчүн эски имараты толугу менен бузулду. Анын ордуна бардык шарттары менен 2 кабаттуу имарат курулат.