Turmush — Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айылынын тарыхы Россияган көчүп келген орустар менен тыгыз байланыштуу. Аймактык кабарчы элеттин чоо-жайын тактады.
Чым-Коргон айылдык китепканасынын башчысы Калия Черикбаеванын айтымында, кадимки Улуу Жибек Жолу ушул Чым-Коргон айылын кесип өтөт. Ал кезде бул жерде айыл болгон эмес экени айтылат.
«Ошол Улуу Жибек Жолу доорунда жолоочулар токтоп, аттарын тыныктырып эс алып, андан ары сапарын улашчу экен. Кыргызстанга Совет бийлиги келип, Үркүндө Кытайга качкан кыргыздар кайра өз жерине келе баштаганда Чым-Коргондо, Орловкада, Быстровка жана башка ушул сыяктуу жерлерде орус кыштагы пайда болгон экен. Айыл жашоочулары там салганды, жер айдаганды ушул орустардан үйрөнүшкөн.
Чым басып жаткан ээн жерди кыргыздар кетмен менен чаап, чымдарды биринин үстүнө бирин коюп, коргон жасашкан. Ушундан улам айыл Чым-Коргон аталып калган. 1921-жылдары айылдагы орустарды Орловка шаарчасына көчүрүшүп, алардын тамдарын, короо-жайларын жайлоого чыга албай калган кыргыз кедейлерине бекер берген.
Азыркы убакта айыл тургундары негизинен мал чарбачылык жана жер иштетүү менен алек. Жалпы айдоо жери 3391 гектар, мунун ичинен дыйкан чарбасы 2737 гектар. Дыйкандар талаага негизинен арпа, буудай, беде, жүгөрү эгишет. Жаз мезгилинде айыл малдары жайлоого айдалат. Жалпы жайыт жер – 9368 гектар. Айыл жашоочуларынын көбү саан уй багып, сүт өткөрүп оокат кылат. Атайын билими бар тургундар Орловка шаарчасындагы ишканада жана айылдагы психоневрологиялык ооруканада эмгектенишет», - деди ал.
Айылдагы Республикалык психоневрологиялык оорукана оорукана 1940-жылдары уюштурулган.
«Республикадагы эң биринчи психоневрологиялык оорукана болуп эсептелет. Алгач 2 бөлүмдүү эле болгон. 1946-жылы 60 орундуу, 1949-жылы 125 орундуу болуп кеңейтилген. 1960-жылдары чоӊ масштабдагы куруулар жүргүзүлүп, оорукананын корпустары көбөйтүлгөн. Азыркы убакта ооруканада 100дөн ашык кызматкер эмгектенет.
Айылдын алкынын саны 8505 киши. Чым-Коргон айылында 2 мектеп, 2 бала бакча, 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар. Ал эми Чым-Коргон айыл аймагы боюнча 5 мектеп, 5 бала-бакча, 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 3 ФАП бар», - деди Калия айым.