Turmush — Кочкор району боюнча быйыл 14 миң 992 гектар жер айдалат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Элчибаев билдирди.
Анын айтымында, район боюнча айдала турган 14 миң 992 гектар жер аянтынын 9 миң 401 гектарына дан эгиндери себилет. Бүгүнкү күндө 107 гектарга буудай жана 195 гектарга арпа себилди. 2251 гектарга картошка, 266 гектарга жүгөрү, 78 гектарга жашылча жемиштин үрөнү себилмекчи. 2996 гектарга 1 жылдык чөп айдалат. Айдала турган үрөндөрдүн 95 пайызы даяр.
Ошону менен бирге 20 гектар жерге айсберг салат жалбырагын отургузуу мерчемделүүдө. Жазгы талаа иштерине айыл чарба техникаларын даярдоо максатында жыл башында айыл аймактар боюнча жалпы айыл чарба техникаларынын инвентаризациясы жүргүзүлдү. Район боюнча тракторлордун саны 522 түздү. Мунун ичинен оң абалдагысы 440 түзөт.