Turmush — Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматында иштеген Зарина Бакирова президентке ипотекалык батир алуудагы кезегин жылдырып берүү өтүнүчү менен кайрылды.
Кечээ, 10-апрелде президент Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушту.
Зарина Бакированын айтымында, учурда Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын вирусологиялык лабораториясынын бөлүм башчысы болуп иштейт.
«2020-жылдын 17-мартында Кыргызстанда биринчилерден болуп ковид илдетин ПЦР лабораторияда тапкан кыздардын бири болом. Ошол мезгилде укук коргоо органдары өздөрүнүн милдетин аткарып, "кантип таптың, эмне кылып таптың?" деп айтышып, "биздин Кыргызстанда жок болсо, кандай, эмне?" дешкен. Түшүнөм, эми өздөрүнүн функционалдык милдеттерин аткарышкан.
Мен эми ипотекалык үйгө көп жылдан бери кезекте турам. Мурун бардык төлөмдүн 30 пайызын төлөш керек болгон. Ал мезгилде айлыгыбыз жетпей жүргөнбүз. Андан кийин Ош шаардык ипотекалык бөлүмгө кезекке тургам. Андан сырткары, мамлекеттик ипотекада кезекте турам. 432-кезек болуп жазылдым. Азыр сиз айтып жаткан үйгө барсам, 500дөн ашык батир бүттү, "бирок, ага сен илешпейсиң, бизде беш багыт боюнча ипотека берилип жатат" дешти. 4-5 пайыз кылып бөлгөндө, биздин кезегибиз 2028-2030-жылдары келет экен. Бизди кайра ошентип артка тартып, күтүп эле жүрөбүз.
Жалпы тажрыйбам 20 жыл. Өзүңүз жыл башында "5 миңден ашык медицина кызматкерлерине ипотекалык үйлөрдү беребиз" деп демилгеледиңиз эле. Ошонун алкагында кезегибизди жылдырып, азыркы бүтүп жаткан үйлөрдөн алып берсеңиз. Эл катары төлөп эле алабыз, болгону кезегибизди жылдырып берип коюшуңузду суранат элем», - деди ал.
Президент Садыр Жапаров аталган маселеге көңүл буруларын, республика боюнча 5 миң адамга — медицина кызматкерлерине, мугалимдерге ипотекалык үй берилери айтты. Өлкө башчысы аталган тизмеге Зарина Бакированы кошууну тапшырды.