Turmush — Өлкөдө 232 чарбалык субъектке асыл тукум деген макам берилсе, анын 50дөн ашууну Чүй облусунда катталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, республикада мал чарбачылыгынын сапатын жогорулатуу жана генетикалык ресурстарды сактоо максатында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия чарбалык субъектилерге мониторинг жүргүздү. Жыйынтыгында тиешелүү буйрукка ылайык, министр Э.Акунбеков тарабынан 232 чарбалык субъектке асыл тукум деген макам ыйгарылды.
Алардын ичинен:
- бодо мал боюнча – 84 субъект.
- жылкы боюнча – 40 субъект;
- кой боюнча – 97 субъект;
- эчки боюнча – 5 субъект;
- тоок боюнча – 4 субъект;
- аары боюнча – 4 субъект;
- топоз боюнча – 3 субъект.