Turmush — Ысык-Көл облусунда көл жээгиндеги калктуу конуштардын тургундары кайрадан көлдүн суусунун деңгээли төмөндөп жатканын байкашууда.
Чолпон-Ата шаарынын тургуну Айгүл Токтосунованын байкоосуна караганда, быйыл суу жээктен болжол менен 1 метрге артка кеткен. Анын айтымында, мындай көрүнүш акыркы 5-6 жылдан бери байкалып келет.
Токтосунованын айтымында, 2025-жылы ал Ысык-Көлдүн суусунун деңгээли кандай өзгөрүп жатканын байкоо үчүн атайын белгилерди койгон. Быйыл ал кайрадан өлчөө жүргүзүп, суу жээктен 1 метрден ашык артка кеткенин аныктаган. Мурда көлдүн ичинде көрүнүп турган жер алдындагы суу булактары азыр жээкке чыгып калган.
2025-жылдын декабрь айында өткөн Элдик курултайда президент Садыр Жапаров 1854-жылдан бери Ысык-Көлдөгү суунун деңгээли дээрлик 14 метрге төмөндөгөнүн, суунун көлөмү 85 млрд куб метрге чейин азайганын, ал эми көлгө куйган дарыялардын саны үч эседен ашык кыскарганын билдирген.
Анын айтымында, 1950-1960-жылдары көлгө болжол менен 100-110 дарыя куйса, азыр алардын саны 30-35ке гана жетет.
«Эгер бул тенденция улана берсе, аймак олуттуу экологиялык жана социалдык-экономикалык кесепеттерге туш болот. Өкмөт зарыл чараларды көрүп, көлгө суу агымын көбөйтүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып жатат. Анын ичинде жаңы каналдарды жана гидротехникалык курулмаларды куруу да бар», - деген мамлекет башчы.
Чолпон-Ата шаарынын Бостери айылындагы көлдүн жээгинде ири таш жайгашып, эс алуучуларга кооз кадрларды тартып алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп турган.
Автор Рустам Замирбеков дал ушул ири таштын жардамы менен көл тартылып кеткенин байкаган. Ал 2020-жылы жана 2024-жылы тартылган сүрөттөрдү салыштырып, көрүүчүлөрдүн назарын бурду.
Суу ресурстары кызматынын маалыматы боюнча, агып чыкпаган Ысык-Көлгө 118 дарыя куят. Ошол эле учурда көлдүн жаан-чачын аз түшкөн батыш бөлүгүндө дарыя тармагы начар өнүккөн жана суулуулугу төмөн. Ал эми Ысык-Көл бассейнинин ортоңку жана чыгыш бөлүгү дарыя тармагы жакшы өнүккөнү жана суулуулугу жогору болгону менен мүнөздөлөт. Эң ири дарыялар — Түп жана Жыргалаң.
Кыргызстандын Ысык-Көлүнүн жээк түздүгүнө 101 дарыя жана сай-суу агып келет, алардын 56сы түздөн-түз көлгө куят.
Ысык-Көлгө куйган эң ири дарыялар болуп Түп, Жыргалаң, Каракол, Жууку, Тоң, Жети-Өгүз, Чоң-Ак-Суу, Чоң-Кызыл-Суу, Ак-Терек, Барскоон жана Туура-Суу саналат.
Суу ресурстары кызматынын маалыматына ылайык, Ысык-Көл—Тарим бассейнине Ысык-Көлдүн алабы, Кыргызстандын аймагындагы Тарим дарыясынын куймаларынын алабы (Лобнор көлүнүн алабы), Каркыра дарыясы (Балхаш көлүнүн алабы) жана Чатыр-Көлдүн алабы кирет.
Turmush басылмасы 2024-жылдын июнь айында Тоң районунун Оттук жана Кара-Талаа айылындагы көлдүн жээги тартылганын жазган.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, акыркы 2 жылдан бери көлдүн суусу тартылып жатканын байкашкан.
«Быйыл 5-10 метрге чейин тартылганы байкалууда. Мурун биз түшүп жүргөн көл тартылып, ордуна көлчүктөр пайда болду. Бир жылы тартылып, кайра толуп турган Ысык-Көл абдан көп аралыкка тартылып кетти. Бул суунун аздыгынан улам деп ойлойбуз», - дешет алар.
50 жылдан бери аймакта суунун деңгээлин көзөмөлдөгөн гидрологиялык посттор иштеп келет. Адистер эки жолу — эртең менен жана кечинде суткалык норманы аныктоо үчүн өлчөөлөрдү жүргүзүшөт. Эгер мурда көлдүн акваториясында 6-7 гидрологиялык пост болсо, бүгүнкү күндө Чолпон-Ата, Кой-Сары, Балыкчы жана Тамгада 4 гана пост калды. Бул посттордогу өлчөө маалыматтары суунун деңгээлинин азайгандыгын көрсөтүп турат.
Ысык-Көлдөгү суунун деңгээли 2017-жылдан 2022-жылга чейин 50 сантиметрге, 2021-2022-жылдары 9 сантиметрге ылдыйлаганын Чолпон-Ата шаарындагы көл обсерваториясынын инженер-гидрологу Игорь Спиридонов Turmush басылмасына билдирген.
«2022-жылдын июнь айында суунун индекси 1606,41 см (Балтика ченөө системасы), 2023-жылы июнда 1606,30 см болгон», - деди инженер-гидролог.
2022-жылдын июнь айынан 2023-жылдын июнь айына чейин суунун деңгээли 11 сантиметрге төмөндөгөн.
Ысык-Көлгө 80ден ашык суу куюлуп, бир дагы суу агып чыкпайт. Көл жергесинин ландшафттары өтө ар түрдүү. Деңиз деңгээлинен 1608 метр бийикте жайгашып, бардык тарабынан бийик тоо кыркалары менен курчалган, тоңбой турган көл болуп саналат.
Бул тармакта көп жыл эмгектенген гидролог, профессор Жумакадыр Карамолдоев бул 1850 жылда бир кайталанган көрүнүш деп эсептейт.
«Табиятта суу объектилерин, мөңгү, көл, дарыялар — баары термелип (көбөйүп, азайып) турат. Көлөмүнө жараша чоң болсо, көп кылымда, кичине болсо, сезон сайын термелет. Кыргызстандын мөңгүлөрүн алсак, миллион жылда 4 жолу ташкындап тартылды. Учурда тартылуу убагы болуп жатат. Ушундай эле термелүүгө Ысык-Көл туш болууда.
Орусиялык көл таануучу (озеровед) А.В.Шнитников Тянь-Шань суулары боюнча изилдөө жүргүзгөн. Ал Кыргызстанда көп жыл жүрүп, бир нече экспедиция уюштурган. Анын эмгегине таянсак, 1850 жылда бир Ысык-Көл ушундай термелүүгө дуушар болот деген. Көлдүн деңгээлине климаттын да өзгөрүшү таасирин тийгизүүдө. Суу улам тереңдеген сайын температурасы төмөн болот, демек буланууда да төмөн болот. Азыр тайыз жерлер бууланып, тереңдеген сайын булгануу токтойт. Көпчүлүк учурда жээк да өзгөрөт. Суу жээкти жууп кетет. Кээде кумду бир жерге алып барып коёт. Андан улам айрым жээктер башкача көрүнүп калышы мүмкүн. Суунун өзүнүн табияты ушундай. Ташкындап, тартылып, кайра өз деңгээлине барып калат», - деген ал.