Turmush — Ош шаарындагы А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан коммерциялык банк соттордун чечимдерине карабай ишмердүүлүгүн улантып жатканы маалым болду.
Өткөн жылы жергиликтүү бийлик аталган банк №6 Макаренко атындагы мектеп-гимназиясынын жер тилкесине мыйзамсыз курулганын билдирген. Банктын имаратын жана мектеп короосундагы курулуштарды бузуп, жерди калыбына келтирүү тапшырмасы берилгени менен ал бүгүнкү күнгө чейин аткарылган жок.
Turmush басылмасынын кабарчысы бул боюнча Ош шаардык мэриясынын тиешелүү кызматкерлеринен маалымат алды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда сатып алуу-сатуу келишимдерин жараксыз деп табуу боюнча доо арыз Ош шаардык сотунда каралууда.
«Ош шаардык мэриясы тарабынан сатып алуу-сатуу келишимдерин жараксыз деп табуу боюнча доо арыз келтирилген. Иш жарандык тартипте каралып жатат. Келишимдер жараксыз деп табылгандан кийин курулушту буздуруу боюнча дагы доо арыз берилет», - деп айтылат маалыматта.
2025-жылдын март айынан тарта Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы курулуш ээлерине жерди бошотуу боюнча эскертүүлөрдү бере баштаган. Анда мыйзамсыз объекттерди бузуу иштери 2026-жылдын март айында башталары белгиленген. Бирок мектептин аймагындагы мыйзамсыз курулуштардын бири да бузулбай, жерди мурдагы абалына келтирүү иштери жүргүзүлгөн жок.
Аталган билим берүү мекемесинин баштапкы жер аянты 2 гектар 52 сотыхты түзгөн. Териштирүүлөрдүн жүрүшүндө мектептин 1818 чарчы метр жери 2008-жылы жана 2012-жылы мэриянын токтомдору менен жеке тараптарга өтүп кеткендиги аныкталган. Кийин бул аймактар коммерциялык максатта пайдаланылып, ар кандай объекттер курулган.
Бул жагдай боюнча Жер жана сууну көзөмөлдөө кызматы сотко кайрылып, мэриянын тиешелүү токтомдорун жокко чыгарууну талап кылган. Натыйжада 2025-жылдын 23-декабрында Жогорку сот доо арызды канааттандырып, 2008-жылдагы жана 2012-жылдагы токтомдорду жараксыз деп тапкан.
Мындан тышкары, 2024-жылдын 13-декабрында Ош шаардык соту мыйзамсыз курулган объектти буздуруп, жер тилкесин мурунку абалына келтирүү тууралуу чечим чыгарган. Аталган тилкенин аянты 1074,25 чарчы метрди түзөт.
Мындан тышкары, 2011-жылы Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан А. Масалиев проспектисиндеги Макаренко мектебинин жанынан 528 чарчы метр жер тилкеси көрктөндүрүү жана жашылдандыруу максатында 3 жылдык мөөнөткө берилген. Бирок анда капиталдык курулуш салынганы маалымдалган.

- Turmush 2024-жылдын декабрь айында Макаренко мектебинин аймагында «Капитал Банктын» имараты курулганын жазган. Сот объекттин ээсин курулушту бузууга жана баштапкы көрүнүшүн калыбына келтирүүгө милдеттендирген.
- 2023-жылдын сентябрь айында Ош шаарында 31 мектептин жери сатылып кеткени маалымдалган. Ал жерлерге соода объектилери жана ресторандар курулуп калганы белгилүү болгон.
Буга чейин Ош облустук сотунун басма сөз кызматы Горький атындагы мектептин участоктору боюнча иш Ош облустук Административдик сотунда каралууда, ал эми А.Макаренко атындагы мектеп-гимназия боюнча маселе Жогорку соттун кароосунда турганын кабарлаган.