Turmush — Ысык-Көл облустук соту адам өлүмү боюнча айыпталган тургундун ишин карап чыкты.
Айыпталуучу Бөрүтай (аты өзгөртүлдү Д.Б.М.) Ысык-Көл районунун тургуну. Аялы менен ажырашып кеткен. 4 баланын атасы. Мурда бир нече жолу соттолгон.
- Иштин материалдары Мамлекеттик сот актыларынын реестрине жарыяланды.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Бөрүтай Ысык-Көлдөгү айылда жарандык никедеги аялынын үйүнөн 1971-жылы туулган Андрейди (аты өзгөртүлдү Л.А.И.) жыгач таяк менен 3-4 жолу чаап, андан кийин бөтөлгө менен башка 3-4 жолу уруп, бетке 2 жолу тепкен. Андрей алган жаракатынан улам эртеси менен каза болгон.
Бөрүтай бул факты боюнча Ысык-Көл райондук сотунун өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү) менен күнөөлүү деп табылып, 9 жылга камалган.
Айыпталуучу өкүмгө макул болбой, облустук сотко апелляциялык даттануу келтирген. Ал чын эле Андрейге жаракат келтиргенин, бирок мунун себиби бар экенин билдирген. Ал Елена (аты өзгөртүлдү Г.Е.В) менен жарандык никеде жашап жүргөн. Еленанын кызы Катяны (аты өзгөртүлдү Г.К.В.) өзүнүн кызындай эле көрөт.
Ошол күнү саат 19:00 чамасында Еленанын үйүнө келип, дасторкондо коньяктын бош бөтөлкөсүн көргөн. Ошол маалда аркы бөлмөдөн Катя ыйлап чыгып, Андрей үйгө келип, аны зордуктоого аракет кылганын, мас болуп анын керебетинде уктап жатканын айтып берген. Анын бөлмөсүнө кирип, Андрейди ойготуп, үйдөн чыгып кетишин талап кылган. Бирок ал сөгүнүп, кетүүдөн баш тарткан. Ошондуктан жыгач таякты ала калып, 3-4 жолу ийинге, коньяктын бөтөлкөсү менен 2-3 жолу башка чаап, андан кийин бетке 2 жолу тээп жиберген.
Андрейге андан кийин чыгып кетишин айтканда ал баш тарткан. Андан кийин Акун (аты өзгөртүлдү А.А.) деген таанышына телефон чалып, үйгө чакырган. Акун келгенде ага Андрейди сыртка чыгарып коюну суранган. Акун Андрейге үйүнө жеткирүүнү сунуштаганда ал баш тарткандыктан дарбазадан сыртка чыгарып койгон. Андрей ошол жерде отуруп калган. Андан кийин үйдүн ичиндегилер чай ичип жатып алышкан. Эртең менен Андрейдин каза болуп калганын билишкен.
Бөрүтай буга катар эле ага камакка байланышпаган жаза берүүнү суранган.
Облустук сотко Бөрүтайдын жактоочусу да кайрылып, айыпталуучуга тергөө учурунда негизсиз берене менен айып коюлганын, ал жарандык никедеги аялы менен анын кызын зордуктоо аракетинен коргогонун билдирген. Ал коргоону аракеттерин ашырып жибергенин белгилеп, райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, Бөрүтайдын аракетин Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесине (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) квалификациялап, ага пробациялык көзөмөл дайындоону өтүнгөн.
Соттук-психиатриалык экспертизанын корутундусуна караганда, Бөрүтай эч кандай психикалык оорулар менен жабыркабайт. Кылмыш болгон учурда өзүнүн аракеттерине жооп бере алган.
Облустук соттун өкүмү:
Облустук сот 31-мартта иштин материалдарын карап чыгып, Ысык-Көл райондук сотунун Бөрүтай жөнүндөгү өкүмүн күчүндө калтырды. Анын жана жактоочусунун апелляциялык даттануулары канааттандырылган жок. Өкүмгө нааразы тарап Жогорку сотко кайрылууга укуктуу.