Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында 7-апрель — Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата спорттук мелдештер уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, жалпы дарыгерлер практикалык борбору жана ден соолук кабинет тарабынан кыз-келиндер арасында алыстыкка чуркоо жана эркектер арасында аркан тартыш боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Кыз-келиндер арасында алыстыкка чуркоо боюнча олжолуу орунга ээ болгондор:
- 1-орун — Айпери Нусупбек кызы,
- 2-орун — Бурул Мамбетказиева,
- 3-орун — Акылай Асылбекова.
Мырзалар арасында аркан тартыш боюнча олжолуу орунга ээ болгондор:
- 1-орун — Мааданбек Барашов атындагы кесиптик лицейдин командасы,
- 2-орун — 1985-жылкы "Достор" командасы,
- 3-орун — Ак-Талаа райондук соттун командасы камсыздады.
Жеңүүчүлөргө диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
перетягивание каната