Turmush — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революцияларга арналган эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чара шаардык мэриянын аянтында уюштурулуп, ага мэриянын, шаардык кеңештин жетекчилиги, мекеме-ишканалардын жетекчилери, окуучулар жана студенттер катышты.
Эскерүү иш-чарасында шаардын мэри жана шаардык кеңештин төрагасы сөз сүйлөп, революциялардын маанисин белгилеп, курман болгондор эскерилди.
Ошондой эле маданият бөлүмү тарабынан «Эне жүрөгү» аттуу сахналык көрүнүш көрсөтүлүп, көрүүчүлөргө энелердин сүйүүсү, күчү жана тынчтыкка болгон үмүтүн чагылдырган образдар тартууланды.