Turmush — Ысык-Көл районунун Өрүктү-Хутор айылынын 35 жаштагы тургуну Чынара Жигитекова үндүк багууну 10 жылдан бери аркалап, азыр жүздөгөн балапан чыгарып, эт багытында сатыкка чыгарып келет.
Ал 1991-жылы Ак-Суу районунда төрөлгөн. Бирок Түп районуна караштуу Бирлик айылында таята-таенесинин колунда чоңоюп, ошол жактан орто билим алган. Учурда Өрүктү-Хутор айылында жашайт. 5 уулдун апасы. Үй кожейкеси болуп, үндүк багат. Ошол эле учурда үндүк багуу боюнча онлайн сабактарды да өтөт. Мындан тышкары мал багып, жер иштетет.
«Үндүк багууга кызыгуум көп нерседен улам пайда болду. Бала менен үйдө отуруп, бирөөгө көз каранды болуу аябай оор экен. 5 балага жөлөк пул да берилген жок. Өзүм бала кезде мээримге муктаж болуп чоңойгом. Ошондуктан балдарымды таштап, чет өлкөгө иш издеп кетүүгө да жүрөгүм барбады.
Ошондо көп ойлондум. Ойлогон максатты ишке ашырыш үчүн сөзсүз аракет кылыш керек экенин түшүндүм. Үндүктүн чыгаша-кирешесин эсептеп чыгып, жолдошума сунуш кылдым. Ошентип үндүк багып баштадык. Кудайга шүгүр, канчалык кыйын болсо да үзүрүн көрдүк.
Мен бул ишти баштаганда 25 жашта элем. Албетте, коркуу болду. Бирок ишеним да бар эле. Башында баары ойдогудай болгон жок, билбестиктен көп жоготууларга учурадым. Үндүк аябай назик канаттуу экен. Ошентип бул иш менен алектенип келе жатканыма 10 жыл болуптур. Жылына 10-15тей тукум алып, 400-500дөй балапан чоңойтуп, эт багытында сатыкка чыгарабыз.
Мен башынан эле үндүк багууну жөн эле канаттуу өстүрүү эмес, бизнес катары көргөм. Башында бизге күлгөндөр да болгон. Ал кезде көпчүлүк эт же жумуртка багытындагы тоокторго кызыгышчу. Азыр болсо алардын үндүккө болгон кызыгуусуна да себепкер болдум десем жаңылышпайм.
Алгач бул ишти таята-таенемден үйрөнгөм. Алар абдан эмгекчил адамдар эле. Бала кезде алардын кылган иштерин карап, үйрөнүп калгам. Кийин кайын энемден да көп нерсени өздөштүрдүм. Азыр 10дун тегерегинде үндүк кармайм. Породасы — бронза.
Үндүк багуу ымыркай баланы баккандай эле. Жумуртка басканынан баштап, балапаны чоңойгонго чейин тыкыр карайм. Тамагын, абалын дайыма көзөмөлдөп турам. Кээде жумуртка басып жатканда же жөжө чыккан учурда конокко да бара албай каласың.
Жөжөлөрдү саат менен, аба ырайына карап жайытка чыгарабыз. Ал жакта да ит-куштан коргойбуз. Үндүк башка канаттууларга караганда назик, оңой эле жырткычтарга жем болуп калат. Бирок анын эти даамдуу, кирешеси жакшы. Азыр бир үндүктү 3000 сомдон жогору баалайм. Анткени анын жем-чөбү да, эмгеги да көп.
Бир жолу үндүктү тооктой көрүп, сыртка чыгарып жиберип, өзү эле кайтып келет деп ойлопмун. Бирок келбей, талаада түнөп калган. Далай издеп, кыйналган учурлар болгон. Дагы бир жолу корозунун тепкенин билбей, жем берип жатып катуу тептирип алганым эсимде. Мындай учурлар көп эле кездешет. Эң эсимде калганы — көп санда үндүк чоңойтуп алып, «Эми муну кайда сатам?» деп аябай тынчсызданганым. Азыр ошол учурларды эстеп күлөм, бирок ал кезде оңой болгон эмес.
Бош убактымда тикмечилик менен алектенем, курак курайм, кол өнөрчүлүктү жакшы көрөм. Сүрөт тартам, бакчамды карайм, гүлдөрүмдү өстүрөм. Өзүмө кам көрөм, онлайн билим алам, сабак өтөм. Балдарым менен убакыт өткөрүүгө аракет кылам. Чынында бош убактым деле жок окшойт.
Инстаграмда блогерлик кылам. Мындан тышкары айрым компаниялардын товарларын да сатып иштейм. Келечектеги максаттарым абдан көп. Азырынча сыр бойдон калсын. Ишке ашкан күнү дагы сиздер менен бөлүшөм», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.