Turmush — Кечээ, 14-апрелде болжол менен саат 7:30дар чамасында Бишкек—Ош жолунда эки унаа катышкан жол кырсыктан жабыркаган айдоочуга жана жанындагы баласына алгачкы жардам көрсөтүлдү. Ординатор-реаниматолог Азатбек Жээнбеков Turmush басылмасына окуянын чоо-жайын айтып берди.
Анын айтымында, Бишкек шаарына бара жатышкан учурда жол кырсыгына күбө болуп, оор абалдагы айдоочуга жасалма дем алдыруу, жүрөгүнө массаж жасашкан.
«Кечээ Өзгөн—Ош жолунда саат 7:30дар чамасында жол кырсыгы болду. Биздин алдыбызда "Daewoo Matiz" үлгүсүндөгү автоунаа кетип жатып, өзүнөн-өзү эле карама-каршы тилкеге чыгып жатты. Биздин айдоочу "айдоочу уктап баратат" деп катуу "сигнал" бергенде да ойгонбой, алдындагы "Honda Stepwgn" унаасына катуу урулган.
Ошол жерден айдоочу экөөбүз түшүп, "Honda Stepwgn" унаасынын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн абалы менен тааныштык. Бирок "Daewoo Matiz" унаасынын ичиндеги адамдардын абалы өтө оор болгондуктан, андагы адамдарды сыртка чыгардык.
"Daewoo Matiz" унаасында 13-14 жаш чамалуу бала бар экен. Алдын ала баалообуз боюнча, баш сөөктүн ачык жарааты болгон. Баланын башы унаанын алдыңкы айнегине тийген. Мындан сырткары, моюнунан жаракат алган. Ички органдары жабыркаганбы же жокпу билбейт элек. Андыктан баланы жылдырбай, бир абалда койдук. Моюнда кыймыл-аракет болбошу үчүн катуу төшөк таап койдук. Өпкө, жүрөк согуштарын текшердик. Бул кызматтарды 5-курстун 2 студенти аткарды. Бул баланы аларга дайындап коюп, чоң кишиге бардык.
Ал "Daewoo Matiz" унаасынын айдоочусу эле. Анын дем алуусу, венанын согуусу, жүрөк кагыш жок болуп турду. Ошол замат 5 адам — мен, 2 ординатор, 2 студент болуп, бирибиз көкүрөк тушун массаж кылып, бирибиз дем алуу жолун калыбына келтирүү үчүн жасалма дем алуу жасадык. Ошентип ал кишинин өпкөсүнө 2 жолу аба берип, жүрөккө 30 жолу массаж кылып, ар бир жолу жүрөк кагышын, дем алуусун текшерип турдук. Жаныбызда медициналык шаймандар жок болгондуктан баарын өзүбүз жасадык. Андан мурун тез жардам чакырып койгон элек. Тез жардам келгенге чейин жарым сааттай убакыт өттү окшойт. Ал келип калган учурда биздин жардамыбыз менен эркек киши өз алдынча дем алып, жүрөгү сого баштады. Бирок биз тез жардамга өткөрүп бергенден кийин жолдо ал кишинин жаны үзүлүптүр деп уктук», - деди ал.
Жээнбеков аталган айдоочу таңга маал аялын аэропортко узатып кайтып келе жатканын укканын кошумчалады.
«Биздин угушубуз боюнча, айдоочу менен баласы келинчегин аэропортко узатып, кайтып келе жатышкан экен.
Мындан сырткары, "Honda Stepwgn" унаасындагы адамдар да жабыркаган. Унаанын алдында отурган адамдын оозу жарылган. Биздин бир кызыбыз ага жардам берди», - деди ал.
Жабыркагандарга Ош мамлекеттик университетинин ординатору Айпери Исакова, педиатрия боюнча 5-курстун студенттери — Айзада Орозова, Дильфуза Нурматова, Перизат Карыбекова, Гүлнар Кубанычбек кызы жана ординатор-реаниматолог Азатбек Жээнбеков жардам беришкен.