Turmush — Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Гүлкаакы Акматжан кызы милицияда иштеген жолдошу ак жерден камалып кеткенин айтып, президентке кайрылды.
Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун активи жана тургундары менен жолугушту.
Гүлкаакы Акматжан кызынын айтымында, милициянын майору Тимур Абдисатар уулунун жубайы.
«Жодошум айыпсыз жерден айыптуу болуп, 1,5 жылдан бери абакта жатат. Ал жакында эле Ноокат райондук соту тарабынан 5,5 жылга эркинен ажыратылды. Биз соттон адилеттүүлүктү талап кылабыз жана бул ишти өзүңүз көзөмөлгө алып бериңиз. Ал кызмат учурунда жетекчиликтен басым, кысым алып, милициядагы коррупцияны айтып, сизге видео кайрылуу жасап койгону үчүн айыпсыз жерден 1,5 жылдан бери камакта отурат. Сураныч, ушуну көзөмөлгө алып бериңиз. Коррупциянын бетин ачып, сизге кайрылуу жасап койгону үчүн өздөрүнүн кылмышын жашыруу максатында жолдошумду камап, чыгарбай жатышат. Биздин 5 балабыз бар. Өзүм дагы милициянын майорумун, азыркы учурда пенсиядамын. 5 баланы пенсия менен багып кыйналып жатам», - деди ал.
Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновдун айтымында, 2024-жылы интернет тармагына тараган окуя тууралуу сөз болуп жатат.
«Ноокат районундагы Көк-Жар айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жетекчиси кызматкерлерден акча чогулткан. Ошонун баары тарагандан кийин Ички иликтөө кызматынан териштирүү жүргүзүлүп, тергөөгө берилип, ал жерден коррупция жана пара талап кылуу боюнча тастыкталып, сотко өткөрүлүп берилген. Сот 5,5 жылга соттогон. Кызматкерлерден акча чогултуп жаткан фактылар видео менен тарап кеткен», - деди Бийбосунов.
Садыр Жапаров прокуратурага эки тараптын тең айткандарын текшерип, өзүнө билдирүүнү тапшырды.
«Калыс карап, адилеттүү чечим чыгаралы», - деди президент.
Ошондой эле Гүлкаакы Акматжан кызын прокурор кабыл ала турганын кошумчалады.
--------------------------------------------------------------------
2024-жылдын 22-ноябрында Turmush басылмасы Ноокат РИИБдин К.Асранов атындагы Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Темур Абдисатар уулу менен Ноокат РИИБдин башчысы Талгат Өскөналиевдин жаңжалы бир нече жетекчини кызматтан алуу менен аяктаганын жазган.
Абдисатар уулу жетекчи куугунтуктап жатканын айтса, Өскөналиев аталган кызматкерге кызматтык тартиптик чара көрүп, ачылбай турган кылмыштарды ачуу тууралуу эскертүү бергенден кийин таарыныч башталганын айткан.
Тимур Абдисатар уулу кайрылуусунда жетекчиси Талгат Өскөналиевдин куугунтуктоосу эмнеден башталганын айткан.
«Мен чындыкты айтканым үчүн жакпай жатам. Мисалы башка жакта бир кызматкери пара алса, жетекчиси дароо кызматтан кетет. Бизде бул жетекчи келгенден бери 3 кызматкер пара менен кармалды. Эмнеге чара көрүлгөн жок?
Эмнеге куугунтуктап жатканы боюнча 2-3 эле факты айтайын. "ПОМдун ичине эмнеге жылуулук киргизбейсиң?" дейт. Аны киргизүүгө 300 миң сомдой акча каражаты кетет. Ал каражатты өзүмдүн жанымдан же демөөрчү таап киргизишим керек экен. Андан сырткары "кылмыштарды каттабагыла, ачылып калса гана каттагыла, райондун проценти түшүп кетет" деп каттатпайт. Милиция күнүнө, милициянын 100 жылдыгына журнал чыгат деп баарынан акча жыйнады. Жеке маселелерин чечүүдө, бирөөлөрдү сыйлаганда акча жыйнадым. Мындай мыйзамсыз иштери көп», - деген ал.
Ал эми Талгат Өскөналиев: «Майор Абдисатар уулу 2020-жылдан бери Көк-Жар аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы болуп иштейт. А мен 2022-жылы келгем. Видео кайрылуу чыгарардан мурун кабинетиме келип, "сүйлөшүп алалы видеокамераңызды өчүрүңүз" деди. Мен өчүргөн жокмун. Анан "мен сага ачык согуш жарыялайм" дегенинен, "макул, жасай бер, менин алдымда шайлоонун тынчтыгын камсыз кылуу иши турат" деп койгом. Анын негизги таарынычы азыр так эмес. Бирок аныкташыбызча массалык башаламандыкка шектүү деп кармалган ноокаттык активист менен байланышы бар экен. Ошол камалганына таарынычы бар экен.
Ошондой эле 35 кылмыш иш ачылбай турат. Иштебеген бүт кызматкерлердин катарында ага дагы тартиптик жаза берилген. Ошону бербешим керек экен. Бул экинчи таарынычы.
Бул кызматкердин үстүнөн буга чейин 2 арыз жазылган. Бири Ош шаарында иштеп жүргөн учурдагы мыйзамсыз иши. Биринде арызданып келген жаранды уруп, экспертизадан аныкталган иши турат», - деген.
Андан кийин Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысын башка милиция кызматкерлери да колдогон. Алар ИИМдин жетекчилиге кайрылуу жолдогон. Анда 16 милиционер өз пикирин билдирген.
ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлеринен турган комиссия Ноокат райондук милициясында болгон окуя боюнча текшерүү жүргүзүп, чечим кабыл алынган.
1. Ош ОИИБдин Ноокат РИИБдин К.Асранов атындагы Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Темур Абдисатар уулу ички иштер органдарынан кызматтан бошотулган;
2. Ноокат РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Талгат Өскөналиев ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулган;
3. Ноокат РИИБдин башчысынын орун басары, ал эле коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын подполковниги Алмазбек Исраилов ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулган;
4. Ноокат РИИБдин башчысынын кадрлар боюнча орун басары, милициянын подполковниги Бактияр Абдиев ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулган;
5. Ноокат РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын уруксат берүү системасы боюнча тескөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты Аскар уулу Акжол ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулган;
6. Ош ОИИБдин кадрлар бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Асан Сатаров ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулган;
7. Ош ОИИБдин башчысынын кадрлар боюнча орун басары, милициянын полковниги Ашырбек Ахуновго кызматына толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү тартиптик жазасы берилген;
8. Ош ОИИБдин башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары, милициянын подполковниги Эрнист Бекташовго катуу сөгүш тартиптик жазасы берилген;
9. Ош ОИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары, милициянын полковниги Нургазы Увалиевге катуу сөгүш тартиптик жазасы берилген;
10. Ош ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Нурланбек Буркановго катуу сөгүш тартиптик жазасы берилген;
11. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иликтөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Улукбек Жамановго сөгүш тартиптик жазасы берилген;
12. Ош ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын подполковниги Таалайбек Алымовго катуу сөгүш тартиптик жазасы берилген.
Ош облустук сотунун басма сөз кызматы Т.А.уулу Ноокат райондук сотунун 2025-жылдын 30-декабрындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (пара алуу) менен айыптуу деп табылып, 5,5 жыл абакка кесилгенин билдирген.
Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн 5 кызматкери жана нөөмөтчүнүн жардамчысы ушул ишке тиешелүү кармалышкан.