Turmush — Кант шаарындагы тамактануучу жайлардын биринде кардар ичип жаткан тамагына атайын чач салып, ызы-чуу салганга аракет кылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя камерага тартылып калган.
Аталган кафенин администрациясынын маалыматына караганда, бул видео социалдык тармакка тарагандан кийин ал кардар тамактануучу жайга келип, кечирим сурап, ичкен тамагынын акчасын төлөп кеткен.