Turmush — Токтогул районунун Торкен айылынын 17 жаштагы тургуну Сүйүнтбек Канжарбеков жаштайынан эмгекке аралашып, өз ишин тапкан жаштардын бири.
Ал учурда өзүнүн туулган айылында жашап, негизги иши катары үндүк багуу менен алектенет. Сүйүнтбек 9-классты бүтүргөндөн кийин эле толук кандуу бул ишке киришкен.
Анын айтымында, үндүк багууга кызыгуусу бала кезинен башталган.
«Мен 10 жашымдан тарта үндүк бага баштагам. 2020-жылы — коронавирус пандемиясы учурунда кол бош болуп, ушул ишти күчөтүп баштаганбыз», — дейт ал.
Жаш ишкер буга чейин 1000ге чейин үндүк багып, азыркы учурда да ишин улантып жатат.
«Быйыл 600 үндүк бактым, үрөндүккө 60 үндүк алып калдым. Ошол 60 үндүктөн 1500гө чейин жөжө чыгарам, көп породаларын багып көрдүм: "Биг-6", "Бронза-708", "Хайбрид", "Черный принц" жана башка түрлөрү бар», — дейт ал.
Анын айтымында, бул иш жеңил эмес, көп эмгекти талап кылат.
«Үндүк багуу кадимки эле чоң иш. Жылуу сарай керек, тоютун мал сыяктуу эле алдын ала даярдап, кышка кам көрүү зарыл. Көп мээнет талап кылынат. Башкалардан айырмасы — назик болот, өзүнүн оорулары бар. Аларга алдын ала кам көрбөсө, өлүмгө чейин жетиши мүмкүн», — деп түшүндүрдү ал.
Сүйүнтбек базарга үндүктөрүн 3000 сомдон 6000 сомго чейин сатат. Бул иш аркылуу ал көп тааныштарды да тапкан. Бош убактысында үй иштерине жардам берип, убактысын текке кетирбегенге аракет кылат.
«Келечекте ушул ишти чоң фабрикага айландырып, чет өлкөгө чейин экспорт кылсам дейм», — дейт ал.
Ага үй-бүлөсүнөн агалары колдоо көрсөтүп келерин белгиледи. Алты бир туугандын эң кичүүсү.