Turmush — Түп районунун Балбай айыл аймагына караштуу Кудургу айылында «Жашыл мурас» долбоорунун алкагында 30 миң көчөт отургузулду, деп билдирет аймактык кабарчы.
Жашылдандыруу жүргүзүлгөн аймактын жалпы аянты 35 гектарды түзүп, ал «Корумду Балбай баатыр» сейил багы деп аталды.
Маалыматка караганда, иш-чарага транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Т.Жаныбеков, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Жетигенов, район жана айыл аймак жетекчилери, «Чайна Роуд» компаниясынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.
Буга чейин Кудургу айылындагы бош жаткан 35 гектар аянттын айланасы тосулуп, отургузулган көчөттөрдү сугат суу менен камсыз кылуу иштери колго алынган.
Долбоорго ылайык, бул аймакта жергиликтүү тургундар үчүн заманбап сейил бак, эс алуу жайлары, жарыктандыруу тутуму, балдар жана спорт аянтчалары, жөө адамдар үчүн жол жана борбордук аллея курулат.