Turmush — Президент Садыр Жапаров кечээ, 12-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунун активи жана тургундары менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар бир катар актуалдуу социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык маселелерди көтөрүштү.
Кара-Суу районунун Правда айылынын тургуну Жылдыз Хайдарова көйгөйү менен кайрылды. Анын айтымында, 1993-жылдан бери «Туратали» базарында иштейт. 2007-жылы базардын сыртынан 10 сотых жердеги кампаны 22 миң долларга сатып алган.
«Базарда өзгөрүүлөр болуп, базаркомдор "Сиздин жериңиз 2025-жылдан баштап мамлекетке өттү. Бул жерди бошотушуңуз керек же болбосо аренда төгүшүңүз керек" дешти. 2025-жылдын декабрь айынан баштап 125 миң сом төгүп жатам. Башта жер акыны 6 миң сомдон төкчү элем. Азыр арендасы ушундай болуп кетти. Кайсы тариф менен 125 миң төлөп жатканымды билбей жатам», - деди Хайдарова.
Садыр Жапаров «Туратали» базары боюнча маселе менен келгендерди кол көтөрүүнү суранды. Жыйын залында 20дай адам кол көтөрдү. Президент алардын баарына бир жооп берди.
«Мен кызматка келгенде "Ош" базары, "Дордой", анан "Кара-Суу" базары боюнча тапшырма бердим эле. Союз тараган мезгилден карай контейнерлерде отуруп соода кыласыңар ээ? Кыштын күнү үшүйсүңөр, жайдын күнү ысыйсыңар. Далай эжелерибиз, апаларыбыз, карындаштарыбыз, ага-инилерибиздин бардыгы ошол базарлардан оорукчан болуп калгандар көп. Туурабы же туура эмеспи? Анан тапшырма бергем, өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй базарда контейнерде эмес, соода борборлордо отуруп, соода кылгандай шарттарды түзөлү деп.
Бысмылда дегендер эле "Дордой" базарынын ээси Салымбеков аксакалды чакырып келдим эле. "Аксакал, сиз 30 жылдан бери ушул базардан миллиардер болдуңуз, долларовый дейбизби, сомовый дейбизби. Ушул жерди оңдоп, "Дубай Молл", Түркия, Стамбулдагыдай соода борборлорун куруп, элге шарт түзүп бериңиз. Аялдарыбыз кыштын күнү сыртта отурбасын, жайдын күнү контейнерде бышпасын" дегем. "Макул, жер трансформация кылып берсеңиз, 100 гектар жерим бар. Ошол жерге көчүрүп, кайра ал жерге да салам" деген. Бүгүнкү күнгө чейин салган жок. Билбейм, карылыкка моюн сунуп баратабы же кичине акчасын аяп жатабы, сурай элекмин. Жакында чакырып сурайм.
"Ош" базарын болсо өзүбүз колго алганбыз. 1-2 айдын ичинде берки "Ош" базарды жаңы базарга көчүрүп барабыз. Базар деп айтууга болбойт, ал жер соода борбору.
"Кара-Суу" базары боюнча да акыркы 3-4 жыл болуп калды. Нурбек деген жигит турат, Москвада базар иштетип жүрдү эле. Бул баланы мен тапшырма берип жибергем. Контейнерлерден кетели, имараттарды куралы, элибиз жайдын күнү салкын, кышында жылуу жерде отуруп соода кылышсын деп», - деди президент.
«Туратали» базарынын директору Нурбек Эргешов буга чейин базар 30 адамга таандык болгонун айтып, учурда базар толугу менен мамлекетке өткөнүн билдирди.
Садыр Жапаровдун айтымында, азыркы «Ош» базарында 6700 орун болсо, жаңы базарда 10 миң 800дөн ашык орун бар. «Ош» базар көчүрүлөрү менен болгон күч Кара-Суудагы базарга жумшалат. Бул жерге Бишкектикинен кем эмес болгон заманбап соода түйүнү курлат.
«Салып бүтүп, киргизерде иретке келтиребиз. Бир дагы соодагер тышта калбайт. Базаркомдор дагы, илгери 90-жылдары жерлерди сатып, приватташтарып алган, сатып алганы бар. Аларды да талаада калтырбайбыз. Имараттын ичинен жер үчүн орун беребиз. Кээ бирөөнүкү 5 гектар экен. 5 гектар жерге контейнерлерди тизип туруп, силерге 22-30 миң доллардан саткан. Киргизип жатканда акчаңар, аренда боюнча төлөмдөрдү чечебиз. Бир аз убакыт чыдап турсаңыздар Кара-Сууга да жетебиз. Бишкекти июнь-июлдарда көчүрөбүз. Август, сентябрларда же болбосо келерки жылы жазда Кара-Суу базарындагы соода борборунун курулушу башталат. Ашып кетсе 1-1,5 жылда бүтөт», - деди өлкө башчы.