Turmush — Президент Садыр Жапаров Жанарбек Акаевдин Ош шаарынын мэри кызматына дайындалышы боюнча алгачкы жолу комментарий берди.
Turmush басылмасы бүгүн, 10-апрелде президент Садыр Жапаров Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында 10 мектептин курулушуна расмий түрдө старт берип, С.Жигитов атындагы жалпы билим берүү мектебинин курулушуна мезгил кутучасын салганын жазган.
Өлкө башчысы Ош шаарындагы мугалимдер менен баарлашып жатып өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди. Анын айтымында, Ош шаары мындан да жакшырат.
«Жанар мырза келди, күнү-түнү дебей иштеп жүрөт. Үзүрүн эл үчүн берет. Колубуздан келишинче, күчүбүздүн жетишинче каражат бөлүп берип жатабыз. Бардык жакка бирдей бөлүп жатабыз. Мурда ким министр болсо, ким премьер-министр же президент болсо, акча ошол жакка, ошол облуска эле эле кете берчү. Мен 5 жылдан бери аны жоюп салгам. Бардык региондор бирдей болуш керек. Ат-Башы, Ала-Бука, Чаткал, Чоң-Алай, Алай, Талас, Каркыра, бардыгына бирдей карашыбыз керек. Мурункудай заман жок», - деди Жапаров.
----------------------------------------------------------
2026-жылдын 19-февралынан тарта Жанарбек Акаев Ош шаарынын мэри кызматында иштеп баштаган.
Жаңы мэр кызматка дайындалышы тууралуу айтып жатып, бул чечим өзү үчүн күтүүсүз болгонун белгилеген. Анын айтымында, Министрлер кабинети тарабынан президентке сунушталып, талапкерлер каралган. Андан кийин президент менен жолугуп, Ош шаары боюнча сүйлөшүшкөн.
«Биз шайланып барганыбызга көп убакыт өтө элек да. Менимче Министрлер кабинети тарабынан президентке сунуштап, талапкерлерди карашкан. Биздин кесиптештер айтып калышты, "ушундай сунуш болуп жатыптыр, сага бир-эки күндө айтылат" деп. Чынын айтканда мага деле күтүүсүз болду. Анткени шайланып барып отурганбыз. Ошондой сүйлөшүүлөрдөн кийин президент менен жолуктум. Ош шаары жөнүндө көп нерселер жөнүндө сүйлөштүк. Ушундай сунуш болуп жатса, барып иштеп бер деп. Өздөрү "жашыраак, энергиялуу балдарды карап жатабыз" дегенден улам макул болдум», - деди ал.