Turmush — Ысык-Көл облусунун Түп районунда жазгы айдап-себүү жумуштары башталды. Бул жылы 50 гектар аянтка чычырканак өстүрүү пландалууда.
Түп райондук агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, 2026-жылдын жазгы айдап-себүү мезгилине карата жалпы 30 миң 322 гектар аянтка дан эгин, 14 941 гектарга көп жылдык чөп жана 3800 гектар жерге картошка айдалат. Мындан сырткары 210 гектарга жүгөрү, 100 гектарга май өсүмдүк, 59 гектарга малина, 72 гектарга кулпунай, 25 гектарга карагат жана башка өсүмдүктөр отургузулат.
«2025-жылга салыштырмалуу бул жылы малина, кулпунай өстүрүүнүн аянты бирдей болот. Бул жылы кошумча 25 гектарга карагат, Ысык-Көл айыл өкмөтүндө 50 гектар жерге чычырканак өстүрүлөт. Ал эми райондогу төрт чарба жергиликтүүлөрдү үрөн менен камсыз кылууда. Эң негизги делген айыл чарба техниканын даярдыгы 80,75%ды түздү. Айдап-себүүгө керектелген бардык жабдыктардын түрү менен 1273 техника бар», - деп айтылат маалыматта.
Чычырканак Ысык-Көлдүн кокту-колотторунда, көл жээктеринде өсөт. Аны эл арасында «көлдүн табигый коргоочусу» деп аташат. Анткени анын жер алдындагы тамырлары топурактын агымын токтотуп, ылай суулардын көлгө куйушуна бөгөт болсо, жер үстүндөгү тикенек бутактары шамал учурган таштандыларды тоскон милдетти аткарат.