Turmush — Бүгүн, 8-апрелде Каракол шаарында жүк ташуучу унаа менен бир нече окуучуну ташып бара жаткан учур аныкталды. Бул тууралуу облустук ЖКККБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу балдарды тазалык акциясынан кийин алып келе жатканын билдирген.
Облустук ЖКККБдан кабарлашкандай, жол кырсыктарын алдын алуу жана адам өмүрүнө коркунуч жараткан одоно мыйзам бузууларды аныктоо максатында жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында Каракол шаарынын көчөлөрүндө жүк ташуучу унаа менен жүргүнчүлөрдү ташуу эрежесин бузган айдоочу кармалган.
Ага карата тиешелүү чаралар көрүлүп, унаа айып короого токтотулду. Ошондой эле айдоочуга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жол кыймылынын коопсуздугун сактоо талаптарын так аткаруу зарылдыгы эскертилди.
Жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрү белгиленди.
ЖКККБ бардык жол кыймылынын катышуучуларын жол эрежелерин так сактоого, өз өмүрүн жана башкалардын коопсуздугун тобокелге салбоого чакырат.