Turmush — Ош облусунун Араван районунун Дөбө-Коргон айыл аймагына караштуу Бостон айылынын тургуну Назгүл Сайибжалалова айылдык кеңештин депутаты болуп эмгектенүү менен катар дыйканчылыкты да колго алган. Депутат айым менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Каарманыбыз 1976-жылы Араван районунун Бостон айылында төрөлгөн. 5 баланын апасы, анын 7 небереси бар. Учурда Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты.
«Негизи депутат болууну каалаган эмесмин. Мени эл колдоп, талапкерлигимди сунуштаган. Элдин көйгөйүнө эч качан кайдыгер караган эмесмин. Ошентип учурда эки жолку айылдык кеңештин депутаты болуп иштеп жатам.
Бул эки жумуш тең өзүнчө чоң түйшүктү талап кылат. Дыйканчылык биздин негизги киреше булагыбыз. Ушул эмгектин аркасында 4 кызымды окутуп, турмушка узаттым. Алар жогорку билим алышты. Уулум учурда студент. Үй-жай, тиричилик үчүн кышында суукка, жайында ысыкка карабай тынымсыз эмгектенебиз», - деди ал.
Назгүл Сайибжалалованын айтымында, 40 сотых жер аянтында күнөскана уюштурушкан. Ал жерден жылына 3 жолу түшүм жыйнашат.
«Күнөсканадан жылына 2 миллион сомдон 4 миллион сомго чейин киреше табабыз. Анын болжол менен 1 миллион сомдой каражаты чыгымдарга кетет. Жолдошум да дыйканчылык менен алектенет. Бардык иштерди үй-бүлөбүз менен чогуу жасайбыз. Кээде жетишпей калсак, жумушчу кыздарды чакырып иштетебиз.
Биринчи түшүмдө чамгыр (редиска), укроп, петрушка эгебиз. Экинчи түшүмдө помидор, капуста, болгар калемпирин өстүрөбүз. Үчүнчү түшүмдө капустанын ар кандай түрлөрүн —басай, гүл капуста, брокколи эгебиз. Учурда болгар калемпирин эгүү менен алекпиз», - деди ал.
Ал депутаттык иш эл менен тыгыз байланышта болууну талап кыларын кошумчалады.
«Депутаттык иш — эл менен бирге болуу. Айрымдары батасын берет, айрым учурда ар кандай сын-пикирлер да айтылат. Мамлекет тарабынан аткарылчу иштердин кечигип калышы же аткарылбай калышы сыяктуу көйгөйлөр болот. Бирок элдин маселесин чечүүгө колдон келген аракетибизди жумшап жатабыз», - дейт каарманыбыз.
Назгүл Сайибжалалова келечектеги эң чоң максаты балдарына жакшы шарт түзүү жана айылдын өнүгүшүнө салым кошуу экенин белгиледи.
«Айылыбызга балдар үчүн спорт аянтчаларын, бала бакчаларды салууга аракет кылып, өз салымымды кошууну каалайм. Эл менен бирге болуп, алардын көйгөйлөрүн чечүү менин башкы максатым», - деди ал.