Turmush — Москва районуна караштуу Беш-Көрүк айылында дыйкандар табигый органикалык жер семирткичтерди колдонууга өтүштү. Бул тууралуу фермер Руслан Мырзалиев билдирди.
«Мен фермер жана айыл башчысымын. Жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында акыркы 3 жылдан бери кыкты айдоо аянттарында колдонуп келебиз. Бул баалуу жер семирткич мол түшүмгө өбөлгө түзөт. Ошону менен бирге өз корообуздан алынгандыктан үй-бүлөлүк каржылык чыгымды да үнөмдөйт. Айдоо аянттарына кыктын күчү сезилип баштады. Жакын арада жүгөрү өстүрүү иштери башталат. Жазгы арпа өнүп чыга баштады», - деди ал.
Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматына караганда райондо 24 миң 23 гектар айдоо аянты бар. 2026-жылы 1000 гектарга буудай, 12 миң 689 гектарга арпа, 4 миң 700 гектарга жүгөрү, 2 миң 200 гектарга күн карама, 1 миң 200 гектарга кант кызылчасын өстүрүү мерчемделген.