Turmush — Чүй облусунун Кемин районунда Кызыл-Октябрь айылы жайгашкан. Союз мезгилинде бул айылда асыл тукум мал багылган. Айылдын тарыхы тууралуу №9 китепкананын башчысы Жаңыл Иманалиева Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.
Кызыл-Октябрь айылы — Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу 9 айылды бириктирип турган борбордук айыл. Айыл аймактын курамына Ак-Бекет, Кашкелең, Саз-Булак, Дорожное, Жел-Арык, Чолок, Кыз-Күйө, Ударник жана Кызыл-Октябрь айылдары кирет.
«Мен ушул айылдардын ичинен аймактын борбору болгон Кызыл-Октябрь айылы тууралуу айтып берейин. Мага маалымат топтоого айыл аксакалдары Ж.Кудайбергенов, Р.А.Шаповалова, Л.М.Нефёдова, Ж.Бегалиевдер жардам беришти.
Кызыл-Октябрь айылы Кемин районунун борборуна 4 км алыстыкта жайгашкан. Айылдын негизги багыты мал чарбачылыгы жана дыйкан чарбачылыгы. Айылда жалпы 1600дөн ашуун адам жашайт жана 296 кожолук бар. Айылда кыргыз улутунан башка дагы 12 башка улуттагы тургундар бар: өзбек, татар, орус, казак жана башка.
Айылда жалпы 14 көчө бар. Алар: Айдар Сармашаев көчөсү (СССР Социалисттик эмгектик баатыры), Ак-Орго, Жаштык, Тынчтык, Кѳл-Жээги, Аалы уулу Жамангул (согуш ардагери); Достук, Кызыл-Октябрь, Пионер, Кыргыз, Школьная, Yсѳн Күренов (Ооган согушунда курман болгон жоокер), Апсамат Аширбаева (согуш ардагер), П.И.Шаповалова (Кызыл-Октябрь совхозунун директору, согуштун ардагери), Барктабас (согуш ардагери) көчөлөрү.
Ошондой эле 846 гектар сугат жер, 302 кайрак жер, 252 гектар чабынды жер, 17 544 жайыт жер бар. 1996-жылы туулган балдардан баштап ар бир тургунга 49 соткадан жер үлүшү берилген», - деди ал.
Жаңыл Иманалиева айылдын тарыхына токтолду.
«Совет ѳкмѳтү курулганга чейин биздин бул кыштак жок болчу. 1916-жылы жергиликтүү калк үркүп, Кытай мамлекетинин Турпан шаарына барышкан. Тай энемдин айтуусу боюнча, Турпандан Совет мамлекети орногондон кийин, 1918-жылы кайра келишкен. Совет ѳкмѳтү элге мал, айдаганга жер жана сепкенге үрөндүккө таруу, арпа, буудай, жүгѳрү беришкен. Ошол учурда отурукташкан жергиликтүү калк айылын Бирлик деп аташкан.
Биздин айылы 1932-жылы Ак-Бекет, Кашкелең жана Ударник айылдарынан турган совхоз Кызыл-Октябрь чарбасы болуп түптөлгөн. 5000 кой Ильич колхозунан бөлүнүп берилген экен. Ошол учурда биринчи чабандар Иманалы Тайсариев, Федор Писарев и Сатай Эгембердиев, Султан Төлөнөвдор болгон«», - деди ал.
Совет мамлекетинин учурунда асыл тукум кой чарбасы болгон.
Ал чарбаны башкаргандар:
- 1942-1953-жылдары — А.М.Финаев;
- 1953-1983-жылдары — П.И.Шаповалов;
- 1983-1987-жылдары — А.К.Осколков;
- 1987-1989-жылдары — В.Н.Ерольский;
- 1989-1992-жылдары — Н.С.Ниязалиев;
- 1992-1993-жылдары — А.Т.Такабаев;
- 1993-1999-жылдары — И.А.Мурзалиев.
Жаңыл Иманалиеванын айтымында, 1932-жылдан баштап чарбанын кеңсеси, Т формасында барак турак үйлөр, дүкөн, клуб жана жети жылдык мектеп курулган.
«Ошол кезде мектептин базасында айыл чарбасына керектүү мал доктур, агроном жана эсеп-кысап адистерин окутушкан. 1968-жылы он жылдык мектеп болуп калды. Ошол учурдан баштап мектеп орус жана кыргыз тилинде окушат. Бишкек—Балыкчы темир жол курулушуна биздин айылдын тургундары иштешкен. Темир жол алгачкы жолу биздин айылды аралап өткөн.
1941-жылы Кызыл-Октябрдан согушка жарамдуу 260 киши кеткен. Бирок ошол согушка кеткен жоокерлердин көпчүлүгү кайтпай калышты. Согуштан кайтпай калгандарга орнотулган эстелик 1967-жылы салынган. Согуштан түрүү кайткандар айыл чарбасын көтөрүүгө жан аябай иштешкен.
Ушул тапта түрүү калган ардагерлер жок. Согуштан кийин жашоо турмушту оңдоо, мал чарбасын, дыйкан чарбасын калыбына келтирүү үчүн айыл тургундары жан аябай иштешкен. Көпчүлүктүн аракетинин натыйжасында малдын саны дагы көбөйүп, дыйкан чарбачылыгы дагы күн сайын өскөн.
1950-жылы чарба асыл тукум мал өстүүрчү статусун алды. 1953-жылдан баштап 1983-жылга чейин совхозду директор П.И.Шаповалов башкарган. Ушул аралыкта совхоздо заманга ылайыктуу жумушчуларга жаңы тамдар, эки кабаттуу айылдык маданият үйү, дүкөндөр салына баштаган. Мал башы дагы көбөйүшүнө байланыштуу мал сарайлар курулган. Асыл тукум кой 40 000 баш болсо, сүт өндүрүү үчүн 500 баш уй бата турган комплекстүү кашар курулган. Чарбанын алдыңкылары — Камса Иманалиев, Мукан Абдыкапаров, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты Токтокан Султанова, Жаманкул Алиев, Камса Иманалиев, Шаповалов Павел Иванович, Айдар Сармашаев жана башкалар. Алардын чарбаны көтөрүүгө салымдары зор болгон», - деди ал.
Кызыл-Октябрь совхозу жайгашкан айыл 1991-жылы Кызыл-Октябрь айыл аймагы болгон.
«Кызыл-Октябрь айылында маданият үйү, айылдык китепкана, орто мектеп, балдар бакчасы, ФАП, почта, мечит жана 4 жеке менчик дүкөн бар. Айылдык китепкана 1958-жылы ачылган. 1965-жылга чейин эски бир кабатуу имаратта болчу. 1965-жылы курулган эки кабаттуу маданият үйүнө көчүрүлгөн. Биринчи китепканачы Бүбүсара Акматова эже болгон.
Совет мамлекети таркагандан кийин маданият үйү каралбай калып, китепкана 2002-жылы совхоздун эски кеңсесине көчүрүлгөн. Мына ошол учурдан баштап китепканачы болуп мен иштеп келе жатам. Капиталдык оңдоодон кийин китепкана маданият үйүнүн биринчи кабатына көчүрүлдү. Китепкананын жалпы фондусунда 8782 китеп, 600дөй окурмандарыбыз бар.
1981-жылы жаңы үч кабаттуу мектеп курулган. 1996-жылы мектепке Апсамат Аширбаевдин аты коюлган. Ал адам согуш ардагери жана мектепте көп жылы иштеген. Ал эми айылдык маданият үйү 1965-жылы курулган. Союз тарагандан кийин каралбай калган. 2014-жылы кайра иштей баштады. Айылдагы мечит 2004-жылы чет элдик демөөрчүлөр тарабынан салынган. Балдар бакчасы болсо 1975-жылы курулган. Бирок союз тарагандан кийин бала бакча иштебей калган. 2005-жылы бала бакчаны калыбына келтирилип, алгач бир эле тайпа ачылган. Ушул тапта беш тайпа ачылып, 125 бала бакчага барып жатышат», - деди Жаңыл Иманалиева.