Turmush — Талас районунда милиция кызматкерлери окуучуларды Чолпонбай Түлөбердиевдин музейине алып барышты.
Талас ОИИБдин тескемесинин негизинде Талас районунда «Өспүрүм түн» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү. Рейддин алкагында район аймагында үй-бүлөлүк жана өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулукка каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп, окуучуларга экскурсия уюштурулду.
Аталган иш-чаранын алкагында Талас РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын тескөөчүлөрү жана Т.Кушчубаева атындагы орто мектеби менен биргеликте мектеп окуучуларын Айтматов районунда жайгашкан Ч.Түлөбердиевдин музейине алып барышты.
Экскурсиянын жүрүшүндө окуучуларга маданий жана тарыхый баалуулуктар тууралуу маалыматтар берилип, ошондой эле мыйзамдуулукту сактоо, укук бузуулардын алдын алуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун кесепеттери жана ага жол бербөө боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Өспүрүмдөргө адеп-ахлактык тарбия берүү, бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылуу жана коомдо өзүн туура алып жүрүү боюнча насааттар айтылды.
Иш-чаранын негизги максаты жаш өспүрүмдөрдүн укуктук аң-сезимин жогорулатуу, зордук-зомбулукка каршы туруктуу көз карашты калыптандыруу жана коомдук тартипти сактоого үндөө болуп эсептелет.