Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баракелде, Бишкек 10.01.2019 16:01

Милиция кызматкерлери жаңы электрондук система менен кантип иш алып барышат?

Turmush -  Азыркы убакта аймактык ички иштер органдарынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык тутуму кадимкидей иштеп жатат, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, Кыргыз Республикасынын прокуратурасы менен укук коргоо органдарынын макулдугунун негизинде мамлекеттик жана расмий тилде процессуалдык документтердин үлгүсү түзүлүп чыгып, республикалык ички иштер органдарынын аймактык тергөө бөлүмдөрүндө таратылып берилген. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан түзүлгөн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри жөнүндөгү убактылуу жобосуна жана жаңы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексине ылайык, укук коргоо органдарынын кызматкерлери (нөөмөт кызматкери менен жардамчысы) бардык кырсыктар жөнүндө маалыматты анын ичинде кылмыштарды жана жоруктарды кабыл алышат, ошондой эле маалыматтарды каттоо журналына аларды каттоону ишке ашырат. Нөөмөт бөлүмдөрү тарабынан кабыл алуу күнү-түнү ишке ашат.

«Кырсык же кылмыш болгон жерге барган тергөөчү же алгачкы текшерүүчү ыйгарым укуктуу кызматкерлер байланыш каражаттары аркылуу кырдаалды нөөмөт кызматкерине түшүндүрөт. Ал эми өз кезегинде нөөмөт бөлүмү маалыматты Маалыматтарды каттоо журналынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизет. Андан сырткары авариялык абал түзүлгөндө же Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизүү мүмкүнчүлүгү жок боло турган болсо, кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү маалыматтар кагаз түрүндө маалыматтарды каттоо журналына катталат. Бул учурда жогоруда көрсөтүлгөн журналда тиешелүү графтар менен толтурулат.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин автоматташтырылган маалыматтык тутуму боюнча иш үчүн республиканын ИИОнун аймактык бөлүмдөрүнө логиндер, сыр белгилери менен берилип, учурда кадимкидей иштеп жатат. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги республиканын аймактык ички иштер органдарынын тергөөчүлөрүнө, ыйгарым укуктуу алгачкы текшерүүчүлөрүнө жана нөөмөт бөлүмдөрүнө жеке компьютер, көп тармактуу
жабдыктарды (сканер, принтер, факс), топтоочу дисктерди, видеокамераларды сатып алып, таратып берген», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×