Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Бишкек 09.01.2019 18:32 На русском

Ак үйгө түкүргөн Р.Закирияев айып пулду төлөй элек

Turmush -  Ак үйгө түкүргөн Рамис Закирияев айып пулду төлөй элек. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда АКИpress маалымат агенттигине Биринчи май районунун акиминин орун басары Адилет Малдыбаев билдирди.

Айып пулдун суммасы 5500 сомду түзөт.

Анын айтымында, Биринчи май РИИБдин кызматкерлери Рамисти Биринчи май районунун мамлекеттик администрациясынын имаратына алып келишкен.

«Рамис өзүнүн жанында айып пулду төлөөгө акча каражаты жок болгондугуна байланыштуу аталган айып пулду төлөгөн жок. Ошондой эле акимиат айып пулду кайсы мамлекеттик орган саларын аныктай турган комиссия түзө элек. Рамис биринчи талап боюнча административдик комиссиянын жыйынына келем деп түшүнүк кат жазып кетти.

Бул каражат айып пулду кайсы мамлекеттик орган салса ошого жараша мамлекеттик бюджетке же жергиликтүү бюжетке түшөт. Комиссия Бузуулар жөнүндөгү кодекске ылайык айып пулду кайсы мамлекеттик орган саларын аныктайт», - деди ал.

Буга чейин Бишкекте Ак үйгө түкүрүп, 5500 сом айып төлөөгө даяр экенин билдирген жигиттин видеосу тараган болчу.

Бишкек ШИИБ аталган видеодогу жигиттин ысымын жана жүргөн жерин тактоо боюнча иликтөө жүрүп жаткандыгын билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×