Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Бишкек 09.01.2019 17:18 На русском

Алмазбек Атамбаев эс алууга Индияга кеткени жатат

Turmush -  КСДПнын басма сөз кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Индияга барууга камынып жаткандыгын билдирди.

«Алмазбек Шаршенович партиянын иштеринен эс алуу үчүн кыска мөөнөттүк өргүү алууну пландап жатат. Ал азыр мамлекеттик кызматкер эмес жана ар кандай сапарларга чыгуу — анын укугу. Муну саясатка айландырбоону суранабыз», - деп айтылат маалыматта.

А.Атамбаевдин эс алуусу 11-январдан 21-январга чейин пландалып жатат.

Андан кийин 11-январь күнү КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаеваурдагы Алмазбек Атамбаев Индияга болгон сапарын кийинкиге жылдыргандыгын билдирди.

«Экс-президент, КСДПнын жетекчиси Алмазбек Атамбаев кыска мөөнөттүк өргүүсүн кийинкиге калтырды. Алмазбек Шаршенович 11-январда үй-бүлөсү менен Индияга эс алууга кетүүнүн пландап жаткан. Мындан саясат издебөөнү суранабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×