Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Бишкек 09.01.2019 15:48 На русском

Сүрөт: Алты миллионунчу болуп төрөлгөн Айлиндин үй-бүлөсүнүн учурдагы жашоосу

Turmush -  Кыргызстандын алты миллионунчу жараны болгон Айлин учурда 3 жашта. Ал 2015-жылы 25-ноябрда Ош шаарында төрөлгөн. Анын үй-бүлөсүнө ошол эле жылы мамлекет тарабынан Ош шаарынан 4 бөлмөлүү үй берилген болчу.

Наристенин апасы Рахат Белекованын айтымында, жолдошу Алмаз Кожошевдин жумушуна байланыштуу Бишкек шаарына жер которушкан. Учурда алар борбордо батирде жашап жатышат.

«Буйруса кызым быйыл 4 жашка толот. Айлин өтө акылдуу кыз болду. Аны элдин кызы деп өзгөчө карайбыз. Жаңы төрөлгөндө атын ошол учурдагы президент коюп берсин деген элек. Өзүбүз Айлин деп атагыбыз келип жүргөн. Кийинчерээк Бишкектен телефон чалышып, ысым жакшы экенин айтышты. Өзүңүздөр билгендей Айлинге 4 бөлмөлүү үй белекке беришкен. Бишкекке келгенибизге эки жыл болуп калды. Бул жакта алты балам менен батирде турабыз. Улуу кызым окуу жайды аяктаса, бир балам студент, дагы бир уулум 8-класста окуйт. Калган үч балам өзүм менен үйдө. Бүгүнкү күнгө чейин Айлинди бала бакчага бере албай келем. Кезекке өткөн жылы жазда турганбыз, бирок бүгүнкү күнгө чейин кабар айтышкан жок. Жеке менчик бала бакчалардын акысы кымбат, жолдошумдун айлыгын жеткире албайбыз. Батирдин ижара акысына 15 миң сом төлөйбүз. Жолдошума жардам берүү үчүн иштейин деп жатам. Кийим тигүүнү, бычууну үйрөндүм. Кыздарыма өзүм көйнөктөрдү тигип берем», - деди Рахат Белекова.

Айлиндин атасы 25 жылдан бери аскер кызматкери болуп иштеп келет. Ага 2015-жылы мамлекет тарабынан 3 бөлмөлүү үй берилсин деген буйрук чыккан. Бирок белгисиз себептер менен үй берилбей калган.

«Жолдошумдун эмгеги үчүн Ош шаарынан 3 бөлмөлүү үй берүү тууралуу буйрук чыккан болчу. Жолдошума "сага Оштон эки үйдүн эмне кереги бар, үйдү Бишкектен беребиз" деп айтышкан экен. Азыр кайра сурасак мамлекет бир гана үй берерин айтышты. Жолдошумдун 25 жылдык эмгеги бааланбай калабы?», - деди Рахат Белекова.

Кийинчерээк Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, Алмаз Кожошевдин балдары бала бакчага кабыл алынуу үчүн электрондук кезекке каттоого турган эмес.

Министрликтин адистери аталган үй-бүлө менен байланышып, абалды түшүндүрүп, электрондук кезек системасына катталууга жардам беришти. Үй-бүлө көп балалуу болуп эсептелгендиктен Кожоевдин эки баласы жеңилдетилген кезекке каттоого алынды.

---------------------------------------------------------------------------------

Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны болгон кыз 2015-жылы 25-ноябрда саат 18:12де Ош шаарындагы төрөт үйүндө жарыкка келген. Ал 3 кг 870 грамм салмакта төрөлгөн.

«Кызым алты миллионунчу болуп каларын ойлогон эмесмин. 6 миллионунчу болуп төрөлгөнүн укканда толкундандым. Жолдошум аскер кызматкери. Бул кызым алтынчы балам. 3 уул, 3 кыздуу болдук», - деген Рахат Белекова.

Кыргызстандын 6 миллионунчу жаранын жарыкка алып келген Рахат Белекова жана атасы Алмаз Кожошев менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешкен.

Кыргызстандын элин алты миллиончу болуп толуктаган перзенттин атасы — Оштогу №703 аскер бөлүктүн командири, полковник Алмаз Кожошев.

«Мен үчүн күтүүсүз жаңылык болду. Мен 6 миллионунчу жарандын төрөлүшүн күтүп жатканыбызды буга чейин уккан эмесмин. Келинчегим төрөт үйүнө төрөгөнү өзү барды. Ошол күнү кесиптештерим алты миллионунчу кыргызстандык төрөлөт экен деп айтышты. Алты миллионунчу болуп төрөлгөн кызым менин алтынчы перзентим.

Улуу кызым Бишкекте Улуттук университеттин лингвистика факультетинде студент. Эки уулум мектепте окуйт. 3,5 жаштагы уулум менен 2,5 жаштагы кызым да бар. Мен көп перзенттин атасы болгонум үчүн бактылуумун», - деген Алмаз Кожошев.

Алты миллионунчу болуп төрөлгөн Айлин ата-энесин ар кандай кылыктары менен сүйүнтүүдө

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×