Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Бишкек 09.01.2019 14:20 На русском

Тамеки чегип, түкүргөн милиция кызматкеринин өздүгү аныкталды

Turmush -  2019-жылдын 8-январында социалдык тармактарга ИИМдин формачан кызматкерлерине байланыштуу видео тараган. Андан милиционердин жерге түкүрүп, тамеки чегип турган учурун көрүүгө болот.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул факт боюнча 8-январда аталган түзүмдүн ички иликтөө бөлүмү тарабынан кызматтык текшерүү жүргүзүлүп, видеодогу кызматкер Чүй ОИИББдин милициянын кайгуул-күзөт кызматынын милиционери, милициянын старшинасы М.М. экендиги аныкталган.

Чүй ОИИББдин милициянын кайгуул-күзөт кызматынын милиционери, милициянын старшинасы М.М. Бузуулар жөнүндө кодексинин 71-беренесинин 1-бөлүмүнүн (белгиленбеген жерлерге турмуш-тиричилик таштандыларын жана буюмдарын таштоо, өрттөө, ошондой эле түкүрүү) талаптарын бузган.

Бул окуя боюнча чогулган материалдар жаңы мыйзам боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнө Бузуулар жөнүндө кодекстин талаптарына ылайык тиешелүү чечим чыгарууга жиберилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×