Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баракелде, Бишкек 08.01.2019 13:27

4 тарапка тең сары түстө гана күйөт: Бишкек Фрунзе кезинде курулган акыркы жол чырак (видео)

Turmush -  Бишкектин Жунусалиев (Орджоникидзе) жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде өзгөчө жол чырак иштейт. Ал 4 тарапка тең сары түстө гана жанып турат. Ал муну менен «Айдоочу көңүл бур» деген белгини берет.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Турусбек Түмөнбаевдин айтымында, жол чырак 1976-жылы орнотулган.

«Дал ушул кесилиште жол кырсыктар чанда гана болот, дээрлик жок. Анткени 4 тарапка тең айдоочуга эскертүү берип турат. Ал шаар Фрунзе убагында орнотулган акыркы жол чырак болуп калды», - деди ал.

Түмөнбаев эртеби-кечпи бул кесилиште жаңы жол чырак коюла тургандыгын кошумчалалы.

«Анда аны алууга туура келет, бирок жакында эмес. 2019-жылга карата титулдук тизмеде бул кесилиш жок», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×