Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Бишкек 08.01.2019 10:56

Бишкекте тигүү цехи толугу менен өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Өрттү өчүрүүгө жалпы 17 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 8-январда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бишкектин Свердлов районундагы М.Жалил көчөсүндө жайгашкан 130 чарчы метр аянттагы тигүүчү цех толугу менен өрттөндү. Анын ичиндеги 12 даана кийим тигүүчү машина күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Өрткө электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.

Ошондой эле Свердлов районунун Суворов көчөсүндөгү 30 чарчы метр турак үйдүн чатыры жана шыбы күйүп кетти. Адамдар жабыркаган жок. Мештерди пайдаланууда өрт коопсуздук эрежелердин бузулушу өрткө себеп болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×