Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Бишкек 05.01.2019 14:20 На русском

Бишкек ЖЭБ: Сапар Исаковго «Коррупция» боюнча акыркы айып чыкты. 15 жылдан 20 жылга чейин жаза

Turmush -  2018-жылдын 26-декабрында Бишкек ЖЭБди модернизациялоого байланыштуу мурунку премьер-министр Сапар Исаковго карата «Коррупция» беренеси боюнча акыркы айып чыкты.

Tazabek басылмасына анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдиргендей, Сапар Исаков Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүмү (уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктиктин кызыкчылыгында жасалса же башка оор кесепеттерге алып келсе, мүлкүн конфискациялоо жана үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат) менен айыпталып жатат.

«Айыптоо ачык эле дурус эмес. Анткени алар каражатты берүү боюнча кандайдыр бир тастыктоо табышкан жок. Жөн гана виртуалдуу эсептеп, россиялык каталогдон 2016-жылдагы эсепти алып, виртуалдуу индекс чыгарып, ал индексти бул индекске көбөйтүштү. Анан Бишкек ЖЭБди модернизациялоого канча кетиши керек болгон сумма чыкты. Бул суммадан (386 млн доллар) 111 млн доллар ашыкча болуп калды. Башкача айтканда жөн гана математикалык эсеп менен эсептешти. Анткени аларда материалдык далилдер жок», - деди Токтакунов.

Ал буга катар эле 2018-жылдын 31-декабрында С.Исаковго тарых музейди оңдоо боюнча айыптоо коюлгандыгын кошумчалады.

«Бул өзүнчө кылмыш иш. Бирок алар КРдин Кылмыш-жаза кодекси боюнча бир өндүрүшкө бириктириши керек. Бирок алар бул иштерди сотко өзүнчө жөнөтүүнү каалап жатышат. Бул туура эмес. Анткени тергөө учурунда иштери бир өндүрүшкө бириктирүү керек. Биз дагы айыптар тагыларын күтүп жатабыз», - деди ал.

Жактоочунун айтымында, Сапар Исаков УКМКга караштуу тергөө изоляторунда 2019-жылдын 13-февралына чейин камакка алынат.

Буга чейин 2018-жылы 29-майда Сапар Исаковго КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча айып тагылган. Буга чейин Бишкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча кылмыш иш козголгон болчу. Андан кийин С.Исаковго карата сыртка чыкпоо чарасы кабыл алынган.
УКМКнын маалыматында: «С.Исаков 2013-жылы Президенттик аппараттын жетекчисинин рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап турганда «Бишкек ЖЭБди модернизациялоо» долбоорунун алкагында саясий абалынан пайдаланып, мурда келишип алган тарапташтары менен бирге чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргогон. Бөдрөтчүнү (подрядчик) тандоодогу мындай аракеттин кесепетинен мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Учурда тергөө иштери улантылып жатат», - деп айтылат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×