Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Бишкек 04.01.2019 17:21 На русском

Өлкөдө үч суткада 15 мас айдоочу кармалды. Алар 17,5 миң сомдон айып төлөйт

Turmush -  Өлкө аймагында «Бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык система иштеп жатат. Үч сутка ичинде транспорт каражатын мас абалда башкарган 15 айдоочу кармалганын бүгүн, 4-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин буйругу боюнча «Бузуулардын бирдиктүү реестри» жана «Кылмыш жана кырсыктардын бирдиктүү реестри» системасын жайылтуу боюнча ыкчам штаб түзүлдү. 3-4-декабрь күндөрү автоматташтырылган маалымат системасынын иштөөсү үзгүлтүккө учураган жок.

Бүгүн, 4-январь саат 10:33гө карата аталган системага ар түрдүү 379 эреже бузуу катталган. Алардын арасында транспорт каражатын мас абалда башкаруу, коопсуздук курун пайдаланууда эреже бузуу, транспорт каражатын тиешелүү документи жок башкаруу жана башка жол эрежелерин бузуулар бар. Үч күндүн ичинде 15 мас айдоочу кармалды. Бул фактылар Кочкор, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Жайыл, Өзгөн, Кара-Суу, Чоң-Алай, Жети-Өгүз, Баткен райондору жана Ош, Бишкек шаарларында катталды. Айдоочулардын ар бирине 17 миң 500 сом (жалпы 262 миң 500 сом) айып салынды.

«1-январь күнү Ош шаарында 2 кыздын денеси табылган жерде тергөө иштери жүрүп жатат. Ош ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан жаңы Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин (өрт коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иш козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды», - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Ошондой эле Кочкор районунда катталган оор кылмыш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Буга чейин 2018-жылдын 31-декабрында саат 18:00 чамасында Нарын облусунун Кочкор РИИБдин нөөмөт бөлүмчөсүнө Кочкор районунун Кара-Тоо айылынын тургуну Ш.Ч. телефон аркылуу Кара-Тоо айылындагы үйүнөн бир тууган инисинин жансыз денеси табылгандыгын билдиргени маалымдалган. Билдирүүнүн негизинде окуя болгон жерге Кочкор РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган учурда Кара-Тоо айылынын 47 жаштагы тургуну Ш.Р. өзүнүн жашаган үйүнөн күч колдонуп өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган.

Соттук-медициналык эксперттин катышуусундагы алгачкы иликтөөлөрдүн жүрүшүндө, маркумдун башынын арткы тарабына (кара кушу) катуу, кырдуу жана учтуу буюм менен тогуз ирет чаап өлтүрүлгөнү аныкталган. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде иш козголуп, соттук-медициналык, биологиялык жана башка тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×