Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баракелде, Бишкек 03.01.2019 11:25

Бишкектеги курсанттар түрдүү даамдарды жасап, жаңы жылды чогуу тосушту (фото)

Turmush -  Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунун курсанттары жаңы жылды чогуу тосушту. Turmush басылмасы алардын майрамдык маанайларына күбө болуп кайтты.

Катардагы курсанттардын бири Орунбай Айдаров Жалал-Абад шаарында чоңойгон. Ал жаңы жылда курсанттар үчүн 20 кг аш басып, анын даамдуулугу көпчүлүктү таң калтырды.

«Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз. Арабызда кыз бир тууганыбыз жок болгондуктан бардык үй жумуштарын бөлүштүрүп жасап, апама кол кабыш кылабыз. Тамак даярдоо көбүнчө менин милдетим болчу», - деди ал.

«Биздин курсанттардын арасында билимдүү, ар тараптан шыктуу жигиттер көп. Курсант Айдаров билимге умтулган, аскер уставын бекем сактаган тартиптүү жана шыктуу жигит. Ал майрамдарда мыкты ашпозчу да экенин көрсөтүп келет. Жолдоштору да ага көмөктөшүп, сыйлап турушат», - деди майор А.Ормонов.

Мындагы жигиттер жаңы жылды биринчи жолу аскерде тосуп жатышкандыктарын айтышты.

«Биз аскерде жоокерлерге мындай жогорку деңгээлде көңүл бурулуп, үйдөгүдөй маанай түзүлөт деп ойлогон эмеспиз. Бизде тартип да, талап да, уюштуруу иштери да күчтүү», - дешти курсанттар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×