Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баракелде, Бишкек 31.12.2018 17:44

Жаңы жылга карата чет өлкөлөрдүн президенттери кыргызстандыктарды куттукташты

Turmush -  Жаңы жыл майрамына карата чет өлкөлөрдүн лидерлери Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго жана кыргызстандыктарга куттуктоо жолдоп жатышат. Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, алардын катарында Кувейт мамлекетинин эмири Сабах аль-Ахмад аль-Жабир аль-Сабах бар.

Эмирдин куттуктоосунда: «Мен Сизди Жаңы 2019-жыл менен чын жүрөктөн куттуктаганга кубанычтамын. Буга байланыштуу мен Сизге чын ниеттен каалоолорумду билдирип, бул Жаңы жыл мусулман калкына жана жалпы адамзат үчүн бакубаттуу болуп, тынчтык жана коопсуздук болушун, дүйнөнүн бардык элдерине жакшылыктарды жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм. Сизге бекем ден соолук жана дос өлкөлөрүбүз ортосундагы жакшы мамилелердин бекемделишин, мындан аркы өнүгүүнү жана элдерибизге алдыга жылышты каалайм», - деп белгиленген.

-------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев президент Сооронбай Жээнбековду жана өлкөнүн элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Казакстан элинин жана өзүмдүн атымдан Сизди Жаңы 2019-жыл менен чын дилимден куттуктайм.
Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишиңизде ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине — тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», - деп айтылат Казакстан президентинин куттуктоо телеграммасында.

-------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Келе жаткан 2019-жыл менен менин чын жүрөктөн чыккан жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Сизге чың ден соолук, зор бакыт-таалай жана бардык ишиңизге ийгиликтерди каалайм.

Жаңы жыл Сиз үчүн жана бир тууган Кыргызстан эли үчүн тынчтыктын, бакубатчылыктын жана гүлдөп өнүгүүнүн жылы болсун», - деп айтылат Түркмөнстан президентинин куттуктоо телеграммасында.

-------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Польша Республикасынын президенти Анжей Дуда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Жаңы жыл менен куттуктады.

«Поляк элинин атынан жана өз атымдан Сизге жана Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына Жаңы жылга байланыштуу эң жакшы каалоолорумду билдирем.

Жаңы жыл бакубатчылыкты алып келсин, ошондой эле биздин мамлекеттер ортосундагы достук мамилелер мындан ары карай өнүгө берсин жана эл аралык коомчулук бекемделе берсин», - деп белгиленет куттуктоодо.

-------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду жана өлкө элин Жаңы жыл менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммаларында президент Сооронбай Жээнбековго жана Кыргызстандын элине Жаңы 2019-жылда ден соолук, тынчтык жана бакубатчылык каалашты.

-------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Жаңы жылы менен куттуктады.

«Кыргызстан менен болгон союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү Россияда жогору баалашат. Биргелешкен аракеттер менен биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн, регионалдык туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөнүн кызыкчылыгында эки тараптуу байланыштардын бүтүндөй комплексин мындан ары карай өстүрүүнү камсыз кылып, евразиялык интеграциялык процесстердин алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенишүүнү бекемдей алабыз деп ишенем», - деп белгиленет куттуктоодо.

Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековго бекем ден-соолук, бакты-таалай жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын достук мамиледеги элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

-------------------------------------------------------------------------------------------------------------

Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев президент Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын элин Жаңы жылы менен куттуктады.

Куттуктоо телеграммасында Дмитрий Медведев келерки жыл Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында интеграциялык өз ара аракеттенишүүнүн мындан ары карай тереңдеши менен белгиленерине, соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө эки тараптуу пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келерине ишеним билдирген.

Д.Медведев Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго ден соолук жана бакубатчылык, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×