Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Бишкек 31.12.2018 11:43

Бүгүн Бишкектеги айрым көчөлөрдөн унаалар өткөрүлбөйт

Turmush -   Жаңы жыл майрамына байланыштуу бүгүн, 31-декабрда Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө унаалардын кыймылына чектөө киргизилди. Бишкек ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы айдоочуларды жана жөө жүргүнчүлөрдү эрежелерди сактап, сак болууга чакырат.

Кыймылга чектөө киргизиле турган көчөлөр:

- Чүй проспектиси (Эркиндик бульварынан тарта Панфилов көчөсүнө чейин) саат 08:00дөн тарта унаалар үчүн жабылган;

- Абдымомунов көчөсү (И.Раззаков көчөсүнөн тарта Орозбеков көчөсүнө чейин);

- Киев көчөсү (Эркиндик проспектисинен тарта Панфилов көчөсүнө чейин) автобустар жана троллейбустар үчүн ачык болот;

- Абдымомунов жана Киев көчөлөрү саат 17:00дөн тарта майрамдык иш-чаралар аяктаганга чейин жабык болот.Бишкек шаарындагы коомдук унаалар 2019-жылдын 1-январына караган түнү саат 02:00гө чейин кызмат көрсөтө турганы маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×