Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Бишкек 31.12.2018 09:50

ШКУнун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндөгү макулдашуу ратификацияланды

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 1-декабрында Сочи шаарында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 22-ноябрында кабыл алынган, деп маалымдайт басма сөз кызматы.

Макулдашуу Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартибин, ошондой эле төгүмдөрдүн өлчөмүн аныктайт. Аны үлүштүк катышуу принциптеринин негизинде уюмдун бюджетине мүчө мамлекеттер жыл сайын төгөт. Макулдашууга тиркемеде Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин үлүштүк төгүмдөрүнүн өлчөмү белгиленет, ага ылайык ШКУнун бюджетине Кыргыз Республикасынын үлүштүк төгүмүнүн өлчөмү 8,8 пайызды түзөт.

Макулдашуу күчүнө киргенден баштап 2003-жылдын 29-майындагы ШКУнун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашуу күчүн жоготот. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×