Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баракелде, Бишкек 29.12.2018 18:14 На русском

Миллион долларга бааланган Барон аттуу күлүк улак тартышта жан берди (видео)

Turmush -  Миллион долларга бааланган айтылуу Барон аттуу аргымак улак тартышта жан берди. Бул тууралуу маалымат Көк бөрү федерациясынын интернет баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, аргымактын ээси Алмаз Колдошев Барон басып баратып жыгылган боюнча жан бергенин, аргымак буга чейин оорубаганын жана эмне себептен өлгөнүн түшүнбөй жатканын билдирген.

Борондун ээси 29-декабрда Бишкектин четиндеги айылдардын бирине улак тартышка барганын жана аргымакты дайыма аламан улакка чаап жүргөнүн белгилеген.

Саяпкер Алмаз Колдошев Баронду 2012-жылы жаңы асыйында (төрт жаш) Россиянын Омск шаарынан беш миң долларга сатып алган. Аны менен көк бөрүнүн байыркы эрежеси менен өтчү улак тартышка катышып келген.

«Бул атты алып келгенден тартып эле казак, тажик, ооган жана жергиликтүү улакчылар сатып алууга кызыгып, 50 миңден 300 миң долларга чейин акча сунушташкан. Эки жыл мурун чоң улак болуп, ага келген кытайлыктар бир миллион долларга сурашты. Барон — менин эч нерсе менен баалангыс аргымагым. Андыктан канча акча сунуштабасын, сатпай турганымды айтып, баарын сылык-сыпаа узаткам», — деп билдирген А.Колдошев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×