Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Бишкек 29.12.2018 15:57

Аймен Касенов Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын мүчөсү кызмат ордунан бошотулду

Turmush -  Аймен Касенов Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду башкармасынын мүчөсү кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

«Бул чечим Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 8-беренесине (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 174 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун № 1 тиркемеси), «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык кабыл алынды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×