Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Бишкек 29.12.2018 15:12

Кыргызстанда желим идиш жана баштыктарды колдонууга тыюу салуу сунушталды

Turmush -  Өкмөт өлкө аймагында полиэтилен баштыктарды жана желим идиштерди ташып киргизүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө маселени карап көрүүнү сунуштады.

«Республиканын бардык аймагында экологиялык коопсуздукту камсыздоо зарылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын аймагында полиэтилен баштыктарды жана желим идиштерди ташып киргизүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу боюнча маселени кароону сунуштайбыз», - деп айтылат өкмөттүн 2018-жылдын 10-декабрында чыгарган корутундусунда.

Буга чеийн Жогорку Кеңештин депутаты «Экмат Байбакпаев Ысык-Көл» биосфералык аймагынын зонасынын чегинде полиэтилен баштыктарды жана желим идиштерди ташып киргизүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» долбоорду демилгелеген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×