Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баракелде, Бишкек 28.12.2018 17:44 На русском

Экс-депутат Музаффар Исаков шарттуу түрдө 7 жылга эркинен ажыратылды

Turmush -  Сузак райондук соту бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаковдун кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу АКИpress агенттигин Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, сот аны айыптуу деп таап, 7 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Сот жазаны шарттуу деп эсептеп, сыноо мөөнөтүнө 3 жылга кести.

Соттук отурумда прокурор М.Исаковдун мүлкүн конфискациялап, 12 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×