Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-апрель
Баракелде, Бишкек 28.12.2018 16:15

С.Жээнбеков В.Путин жана Д.Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү (фото)

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-декабрда Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы маалымдагандай, Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Владимир Путинди Жаңы жыл жана Рождество майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысы кыргыз-россиялык мамилелер үчүн өтүп бараткан жыл абдан жемиштүү, саясий олуттуу байланыштарга жана эки мамлекет үчүн маанилүү окуяларга бай болгонун белгиледи.

Улуу жазуучунун 90 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Москва шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы скверде жазуучунун эстелигинин ачылышы эки тараптуу маданий-гуманитардык кызматташтыктын жаркын мисалдарынын бири болуп калды. Ошондой эле, маектешүүнүн жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, С.Жээнбеков Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда ал Д.Медведевди Жаңы жыл жана Рождество майрамы менен куттуктады.

Өлкө башчы келерки жыл Кыргызстан менен Россия Федерациясынын ортосундагы салттуу достуктун жана өз ара урматтоонун духундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана региондор аралык кызматташтыктын прогрессинин жана өнүгүшүнүн салтанаты болот деп ишене турганын билдирди.

Маектешүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелери, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча болочок кадамдар да талкууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×