Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баракелде, Бишкек 27.12.2018 15:04

2018: Министр, депутат, журналист, актёр... Шум ажал алган өмүрлөр

Turmush -  2018-жылы өлкөбүздө оор жоготуулар да болду. Көз жумгандардын арасында маданият кызматкерлери, эл өкүлдөрү, министр, дүйнөлүк сулуулар сынагынын жеңүүчүсү да бар. Turmush басылмасы маркумдарды эскерип, алар тууралуу топтолгон маалыматтарды жарыялайт.

----------------------------------------------------------------------------------------------------

Ушул жылдын 2-январында Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Калмаматов каза болгон. Ж.Калмаматов 1972-жылы Ош облусунун Алай районунда туулган.

Маркумдун артында жубайы жана 9 баласы калды.

------------------------------------------------------------------------------------

12-июнь күнү Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Нурланбек Кадыкеев (Макеев), («Кыргызстан» фракциясы ) каза болгон.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, Н.Кадыкеев Стамбулда дарыланып жаткан болчу. Ал Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде мүчө болчу.

------------------------------------------------------------------------------------

2018-жылы 2-июнда саат 22:00 чамасында Каракол—Чолпон-Ата—Балыкчы унаа жолунун 52-чакырымында, тактап айтканда Чок-Тал айылынын аймагында жол кырсык болгон. «Равон Нексия Р3» үлгүсүндөгү унаа жолдун четиндеги мусулмандардын көрүстөнүндөгү пескоблоктон тосулган тосмону сүзүп, жараксыз болуп талкаланган. Бул унаадан бир адам (аял киши) каза болуп, эки эркек киши жаракат алганы маалымдалган.

Андан көп узабай окуя болгон жерде көз жумган жүргүнчү дүйнөлүк сулуулар сынагынын жеңүүчүсү — Кара-Балта шаарынын 1987-жылы туулган тургуну Сания Шакирова экени такталган.

Аталган унаа Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылындагы «Карвэн Четыре Сезона» эс алуу борборунан чыгып, Бишкек тарапты көздөй багыт алган. С.Шакированын жанындагы жүргүнчү Р.С. Чолпон-Ата шаардык ооруканага жеткирилип, дарыгерлер баш сөөгүнөн жаракат алган, баш мээси чайкалган, бети тытылган деген корутунду чыгарышкан. Р.С. биринчи медициналык жардам алгандан кийин Бишкекке жөнөтүлгөн. Ошондой эле автоунаанын айдоочу К.Ч. да Бишкектеги ооруканага жеткени маалым болгон.

Бул жол кырсык боюнча 3-июнда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

------------------------------------------------------------------------------------

7-июль күнү Кыргыз Республикасынын эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов көз жумду.

Сахналаштары билдиргендей, 69 жашында каза болгон актёр инсульт менен жабыркап, акыркы күндөрү убактысын үйүндө өткөрүп келген. Акыркы сапарга 9-июлда өзүнүн айылында — Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында узатылды.

Дүйшөн Байдөбөтов

------------------------------------------------------------------------------------

22-июль күнү «Азаттык» радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаев Чолпон-Ата шаарында көз жумган. Ал «Акун» пансионатында эс алып жатканда көлгө чөгүп кеткен болчу. Маркум 24-июлда өзү өскөн Кочкордун Көк-Жар айылында 28 жашында акыркы сапарга узатылган. Анын артында ата-энеси, тун наристесин күтүп жаткан кош бойлуу жубайы жана 4 эжеси калган.

Журналисттин өлүмүнө байланышту «Акун» пансионатынын администрациясына жана 3 куткаруучуга карата кылмыш иши козголгонун 17-августта Бишкекте өткөн маалымат жыйында ИИМдин тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Нуржан Утемисов билдирген. Анын айтымында, кылмыш иш 258-берененин негизинде — коопсуздуктун талаптарына туура келбеген кызмат көрсөтүү боюнча козголгон.

Журналист каза болгондон кийин «Эрдик» медалы менен сыйланган. Медалды президент Сооронбай Жээнбеков маркумдун ата-энесине тапшырган болчу.

Мамлекет башчысы журналисттин туугандарына жана Уланбек Эгизбаев иштеген «Азаттык» радиосунун чыгармачыл жамаатына көңүл айтып: «Мага да Уланбектин өлүмүнөн кийин сиздер менен жолугушуу оор болуп турат. Ата катары сиздердин кайгыңыздарды жакшы түшүнөм», - деген.

10-актябрь күнү Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл көз жарган. Ал уулун Бишкек шаарындагы төрөт үйлөрдүн биринде жарыкка алып келген. Улан менен Сапаргүлдүн үйлөнүү тою 2017-жылдын октябрь айында өткөн эле.

Улан Эгизбаевдин балалыгы, үй-бүлөсү жана сүйүүсү... Сүрөттөр сүйлөсүн

------------------------------------------------------------------------------------

Теле алып баруучу, тамада, диджей, маданиятка эмгек сиңирген кызматкер Салтанат Саматова 15-августка караган түнү 46 жашында дүйнө салган.

С.Саматованы КТРКнын имаратынын алдында акыркы сапарга узатышып, Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилген.

Ал 6 жылдан бери рак илдети менен күрөшүп, акыркы күндөрүн үйүндө өткөргөн. Анын артында жолдошу, кызы жана уулу калды.

Салтанат Саматова 1972-жылы 1-мартта төрөлгөн. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектебинде, Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин музыкалык факультетинде билим алган. Эмгек жолун радиодо алып баруучу болуу менен баштап, бир катар белгилүү теледолбоорлордун да алып баруучусу болгон.

Маркум буга чейинки маектеринде дарыгерлер ага рак деген диагноз коюшканын айтып: «Рак – өкүм эмес, ал айыгат. Мен 98,9% жеңдим», - деген эле.

------------------------------------------------------------------------------------

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин авторлорунун бири Асеин Абдраев узакка созулган оорудан кийин 13-августта 70 жашында көз жумган. Ал Нарын шаарында жашап жаткан. Акыркы сапарга узатуу иш-чарасы 16-августта Нарын шаарында өткөн.

------------------------------------------------------------------------------------

8-октябрь күнү Маданият, маалымат жана туризм министри, жазуучу, журналист, котормочу Султанбек Жумагулов көз жумган. Ал 60 жашта болчу.

Султан Жумагулов

Ал Бишкек шаарындагы Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында акыркы сапарга узатылды.

------------------------------------------------------------------------------------

Бул жылы 2016-жылы II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде 1000 комузчунун башында туруп, «Маш ботой» күүсүн черткен белгилүү комузчу Руслан Жумабаев 12-сентябрь күнү акыркы сапарга узатылган.

Руслан Жумабаевдин артында 5 кыз, 1 уулу, жубайы, ата-энеси жана бир туугандары калды.

------------------------------------------------------------------------------------

Жакында эле эмгек сиңирген артист, алып баруучу жана актёр Турусбек Жумалиевдин жубайы Зоя Токторбаева узакка созулган оорудан кийин көз жумган.

Турусбек Жумалиев, Зоя Токторбаева

Жубайлар 40 жылдан бери бирге түтүн булатып келишкен. Театрда эмгектенген маркум менен Турусбек мырзаны чыгармачылык табыштырганын Айчүрөк Иманалиева социалдык түйүндөгү баракчасында жарыялаган көңүл айтуусунда билдирди.

Зоя Токторбаева 2019-жылдын январында 60 жашка толмок.

------------------------------------------------------------------------------------

Ушул жылдын август айында коомдук ишмер, политолог, экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев 64 жашында дүйнө салган.

Акенеевдин үй-бүлөсүнүн, жакындарынын маалыматына караганда, ал Мамакеев атындагы Улуттук хирургиялык борбордун кайра жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Жумакадыр Акенеев 1954-жылы Ысык-Көл облусунун Улахол айылында төрөлгөн. 1976-жылы Фрунзедеги политехникалык институтун «инженер-экономист» адистиги боюнча бүтүргөн. 1998-жылы экономикалык илимдердин доктору болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×