Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 09.11.2018 09:23

Кыргызстандык Юрий Краковецкий дзюдо боюнча Германиянын үч жолку чемпиону болду (фото)

Turmush -  Кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий Германиянын клубдук чемпионатынын жеңүүчүсү болду. Дзюдо боюнча Бундеслиганын сайтындагы маалыматка караганда, Краковецкий (100 кг жогору) «Гамбург» (Hamburger Judo-Team) командасынын курамында чыккан.

Финалда «Гамбург» командасы «TSV Abensberg» командасы менен беттешип, 11:3 эсеби менен жеңишке жетти. Кыргызстандык спортчу үчүн бул үчүнчү ийгилик. Акыркы 3 жылдан бери ал «Гамбург» командасына улуттук биринчиликти жеңүүгө жардам берип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×