Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 07.11.2018 14:45 На русском

Видео: «Кыргызстан сулуусу» сынагындагы чыр. Катышуучу 1-орун 500 долларга бааланганын айтса, уюштуруучу дооматты четке какты

Turmush -  Бишкек шаарында 5-ноябрда жыл сайын уюштурулуп келген «Кыргызстан сулуусу - 2018» сынагынын финалдык туру өткөн. Анда бул наамга 27 сулуу талапкер болуп, жыйынтыгында 22 жаштагы Айжан Жеңишова жеңишке жетишкен болчу.

Бирок Turmush басылмасынын кабарчысына сынактын катышуучусу байланышка чыгып, аталган сынак калыс өтпөгөнүн, алдыңкы орундар акчага бааланып сатылганын айтышты.

Жеңүүчү болгон сулуу эл аралык сулуулар сынактарына өлкөнүн атынан катышуу укугуна ээ болуу менен баш байгедеги «Мерседес-Бенц A 140» үлгүсүндөгү унаанын ачкычын алган.

Буга чейин Turmush басылмасынын кабарчысы 22 жаштагы Айжан Жеӊишбекова менен маектешкен болчу. Ал учурда Кытайдын Ганьсу провинциясындагы Ланьчжоу шаарында билим алып жатса, буга чейин «Ысык-Көл сулуусу-2013» наамын жеӊип алган.

Айжан Жеңишбекова

Айжан Женишова

Унаа

«Кыргызстан сулуусу - 2018» сынагынын уюштуруучуларына нааразы болгон катышуучу Абдукаарова Санианын айтуусунда, ага уюштуруучунун жардамчысы 1-орун үчүн акча берүү керектигин айткан.

«Сынак калыс өткөн жок. Менин телефонумду жардамчылары (уюштуруучу тарап) уурдап, аягында мени күнөөлүү кылып коюшту. Акырында финалга бир жума калганда катышуудан өзүм баш тарттым. Анткени мага 1-орунду сунушташканда аны катышуучулардын алдында жарыя кылам деп айткам. Андан мурун менден 500 доллар карызга алышкан эле. Ошол акчанын ордуна мага титул ыйгармакчы болушкан.

Ал эми телефонумду эмне үчүн уурдап кетишти? Анткени анын ичинде көптөгөн былык иштерди ача турган далил маалыматтар болгон.

Мага акчага орунду биринчилерден болуп уюштуруучу тарап сунуштаган. Андан кийин жардамчысы биринчи орунду сунуштап калды. Бирок менде азыр бир гана сүйлөшүү учурундагы жазуу бар. Анда дагы акча жөнүндө сөз болот.

Ушул расмий эмес сынакка жарым жыл убактымды кетирдим. Анын аралыгында жол кырсыгына кабылып, белим сынып, операция болдум. Ошондо да мага уюштуруучулар "колдоо көрсөтөбүз, сен татыктуусуң, калган катышуучулардын баш байгеге даярдыгы жок. Кийин экинчи операцияны жасатасыӊ, чыдап тур" деп калп айтып келишкен. Баш байгени алган кыздын апасы өзүбүз автоунааны алып берели деп сунуш кылып жатат деп жардамчысы да, уюштуруучу өзү да айтып келген. Телефонум болгондо баардык далил менен жарыяламакмын», - деди Саниа.

Ал тиешелүү мамлекеттик органдарга арыз менен кайрыла турганын билдирди.

Саниа Абдукарова

Абдукарова Саниа

Ал эми Саниа телефонун уурдатып, башынан, мойнунан жаракат алганын жана кимдир бирөөлөр менен урушуп келгенине күбө болгонун «Бишкек сулуусу - 2016» сулуулар сынагынын катышуучусу Кубанычбекова Наргиза кошумчалады.

«29-октябрда Саниа видеотасмага тартуу иштери менен жүрүп, түнкү саат 3:00 чамасында үйгө келген. Келип эле буюмдарын таштап, бир жакка жөнөдү. Кайда барарын сураганымда уюштуруучуга жардамчы кыз үйүнө чакырып жатканын айтты. Бирок кайра эртең менен 06:00 - 07:00 чамасында үйгө көздөрү шишип, ыйлап келди. Эмне болду деп сураганымда "телефонумду курткамдын чөнтөгүнөн уурдап алып, мени "подстава" кылышты" деди. Сүйлөшүп отуруп, эмне болду экен деп карасам моюну канап жатыптыр. Тырмак менен мойну-башын тытмалаган издер бар экен. Эмне болгонун сурасам башын карматты, шишип калыптыр.

Мага ага чейин көптөгөн сүйлөшүүлөрдү угузчу. Катышпай эле койчу деп көп жолу айткам, укпады. Анткени мен мурда менеджер болуп иштегем, сулуулар сынагында орундар сатылганын билчү элем.

Мен "Мисс Бишкек 2016" сулуулар сынагына катышкам», - деди Наргиза.

Ал эми «Экинчи вице-мисс» аталган Эльгиза Ырсахунова: «Мен даярдык учурунда эч кандай терс көрүнүштөрдү көргөн эмесмин. Наамды акчага баалап алган жокмун», - деди.

«Кыргызстан сулуусу - 2018» сынагынын жыйынтыгы менен «Биринчи вице-мисс» наамына 19 жаштагы Нуриза Бектурова татыса, «Экинчи вице-мисс» наамына 18 жаштагы Эльгиза Ырсакунова ээ болуп, 3-орунга 16 жаштагы Арина Сулайманова чыкты. Үчөө тең Түркияда эс алууга жолдомо алышканы белгилүү болгон.

Ал эми сынактагы орундар сатылганы тууралуу маалыматтарды «Кыргызстан сулуусу-2018» сынагынын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова четке какты.

«Сынакта орун сатып алуу деген жок. Ооба, ар бир сынактан кийин нааразычылыктар болбой койбойт. Ар кандай ушактар айтылат. Себеби, утулуп калган кыздардын ичинен ар кандай сөздөрдү тараткандар болот.

Мен Саниага эч нерсе деп айткан эмесмин, жазган да эмесмин. Ал өзү 1-орунду алууну каалап жатканын бир нече жолу айткан. Ал эми Наргиза деген кыз мурун жардамчым болчу. Менин мүнөзүмдү модель кыздардын баары жакшы билишет. Бетке катуу айтып салам. Ошентип сүйлөсөм мага өчөшүп, "ишиӊерди токтототуу үчүн аракет кылам" дешип, финалдын алдында кыздардын башын айлантууга аракет кылышты.

Бул сынакта финалга 40 кыз өткөн болчу, бирок анын ичинен 15ке жакын талапкер ушулардын айынан баш тартышкан. Алар айтып жаткан сөздөр жалган.

Саниадан карызга акча сураганым чын. Бирок мен факты кылып кайра берип жатканымда видеого тартып алгам. 500 доллардын номурларынан бери айтып туруп бергем. Ал телефонумду уурдаттым дегени да жөн эле сөз. Анын телефонун эч ким уурдаган эмес.

Сынак туура жана калыс өткөнүн белгилейм. Анда калыстар тобу баа берип, катышуучулар алардын сынынан өтүштү», - деди Рыскүл Намазбекова.

Алгач «Кыргызстан сулуусу - 2018» сынагынын финалына 30 талапкер катыша турганы маалымдалган. Финалга 27 талапкер чыкты.

Быйыл «Кыргызстан сулуусу - 2018» сынагы эки башка уюштуруучу топ тарабынан өтүп жатат. Экинчи сынактын финалы 14-ноябрга белгиленип, анын финалдык туруна 25 талапкер жолдомо алган.

Уюштуруучулардын айтымында, анын жыйынтыгы менен «Дүйнө сулуусу-2018» сынагына Кыргызстандын атынан катышуучу сулуу тандалат. Бул сынак биринчи жолу «Дүйнө сулуусу-2018» сынагынын өкүлүнүн жана Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин катышуусу менен уюштурулууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×