Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 05.11.2018 12:14

БШК А.Шадиевдин фракциядан чыгуу тууралуу жазган арызын көрсөттү (фото)

Turmush -  Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Бишкектеги маалымат жыйында Аскарбек Шадиевдин депутаттык укуктары кандай негизде токтотулганын айтып берди.

А.Бекматовдун айтымында, А.Шадиев фракциядан чыгуу тууралуу арыз жазган.

«Анын фракциянын курамынан чыгуу тууралуу арызын фракция канааттандырды. Ошондо БШКда анын депутаттык укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин кароо укугу пайда болгон», - деди ал.

Аскарбек Шадиевдин депутаттык укуктары мөөнөтүнөн мурда 2-ноябрда токтотулган.

Буга чейин А.Шадиевге бир нече кылмыш иши козголуп, кийинчерээк ага издөө жарыяланган.

Окуя тууралуу

Аскарбек Шадиевге мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканын УКМКнын басма сөз кызматы 2018-жылдын 28-июнунда кабарлаган.

Ишти 25-июнда Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинде (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) каралган белгилер боюнча козгогон.

2018-жылы 31-майда А.Шадиевди УКМКнын камагына алуу боюнча соттун өкүмү чыккан. Ага карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айып коюлуп, 28-апрелде кылмыш иш козголгон болчу. Бирок ал 27-апрель күнү Баткен облусунун Исфана шаарындагы тууганы каза болгондугуна байланыштуу ошол жакка кетип, андан кийин Лейлек районунун Арка айылындагы чек аранын көзөмөлгө алынбаган тилкеси аркылуу Тажикстанга өтүп кеткени маалымдалган. 28-апрель күнү Кыргызстандын дипломатиялык паспортун колдонуп, саат 18:20да Худжант—Москва каттамы менен учуп, андан ары АКШнын Нью-Йорк шаарына кетип калган.
Кылмыш иш КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен козголгон.

«2017-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин төрагасынын наамына КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын иш-чаралары боюнча график жөнөтүлгөн. Ал документ ошол кездеги парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиевге таанышуу үчүн берилген. Иш-чаралардын графиги түзүлгөн документте Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык тапшыруу жөнүндө маалымат болгон эмес. Бирок 2017-жылдын 25-августунда Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык ал жылы берилбей турганын билип туруп, А.Шадиев парламенттин төрагасына сыйлык үчүн 30 миң долларды бөлүү боюнча кайрылуу жөнөткөн. Ошол эле жылдын 15-сентябрында кайрылуунун жыйынтыгы менен аталган сумма Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров аркылуу бөлүнгөн. Бирок КМШнын Парламент аралык ассамблеясына каражат түшкөн эмес. Анын кесепетинен мамлекеттик казынага 2 млн 61 миң сом зыян келтирген», - деп айтылган УКМКнын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×