Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 05.11.2018 10:56

Аскарбек Шадиев Москва — Нью-Йорк каттамы менен учуп кеткен, - судья

Turmush -  Биринчи май райондук сотунда 5-ноябрда Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Аскарбек Шадиевдин иши боюнча биринчи угуу өтүп жатат.

Ишти кароо учурунда жактоочунун ишти токтото туруу жөнүндөгү өтүнүчүнө судья Эмилбек Каипов 2-ноябрда УКМКнын тергөө органдарынан бир нече документтер түшкөнүн айтып жооп берди.

«Тергөө органдары Россия Федерациясына кайрылышыптыр, Шадиев Москва — Нью-Йорк каттамы менен учуп кеткендиги боюнча документтер бар экен. Анын Кыргызстандан чыгып кеткенин тастыктаган документтер бар. Мунун негизинде сот айыпталуучу жок болсо дагы соттук иштерди уланта берет», - деди ал.

Окуя тууралуу

Аскарбек Шадиевге мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканын УКМКнын басма сөз кызматы 2018-жылдын 28-июнунда кабарлаган.

Ишти 25-июнда Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинде (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) каралган белгилер боюнча козгогон.

2018-жылы 31-майда А.Шадиевди УКМКнын камагына алуу боюнча соттун өкүмү чыккан. Ага карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айып коюлуп, 28-апрелде кылмыш иш козголгон болчу. Бирок ал 27-апрель күнү Баткен облусунун Исфана шаарындагы тууганы каза болгондугуна байланыштуу ошол жакка кетип, андан кийин Лейлек районунун Арка айылындагы чек аранын көзөмөлгө алынбаган тилкеси аркылуу Тажикстанга өтүп кеткени маалымдалган. 28-апрель күнү Кыргызстандын дипломатиялык паспортун колдонуп, саат 18:20да Худжант—Москва каттамы менен учуп, андан ары АКШнын Нью-Йорк шаарына кетип калган.

Кылмыш иш КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен козголгон.

«2017-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин төрагасынын наамына КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын иш-чаралары боюнча график жөнөтүлгөн. Ал документ ошол кездеги парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиевге таанышуу үчүн берилген. Иш-чаралардын графиги түзүлгөн документте Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык тапшыруу жөнүндө маалымат болгон эмес. Бирок 2017-жылдын 25-августунда Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык ал жылы берилбей турганын билип туруп, А.Шадиев парламенттин төрагасына сыйлык үчүн 30 миң долларды бөлүү боюнча кайрылуу жөнөткөн. Ошол эле жылдын 15-сентябрында кайрылуунун жыйынтыгы менен аталган сумма Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров аркылуу бөлүнгөн. Бирок КМШнын Парламент аралык ассамблеясына каражат түшкөн эмес. Анын кесепетинен мамлекеттик казынага 2 млн 61 миң сом зыян келтирген», - деп айтылган УКМКнын маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×