Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 03.11.2018 11:46

Бүгүн абанын температурасы кескин төмөндөйт

Turmush -  Бүгүн, 3-ноябрь күнү абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° суук…+2° жылуу жылуу болот. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда,, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 9…14° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук болот. Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -5…-10° суук болушу ыктымал.

Мындай туруксуз аба-ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×