Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 02.11.2018 10:20

Шашылыш билдирүү: Өлкөдө 2-3-ноябрда аба ырайы туруксуз болуп, жаан карга айланат

Turmush -  Бүгүн, 2-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлүп, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, ошондой эле тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, деп эскертет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

2-ноябрда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл жана Нарын облустарында секундасына 17-22 метрге чейин жетет. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

2-3-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° суук…+2° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 9…14° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо мал кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылы кыйындайт. Электр зымдарга суу кар жабышып, үзүлүү коркунучу сакталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×