Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 02.11.2018 09:10

Премьер-министр М.Абылгазиев Астанага учуп келди (фото)

Turmush -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Астана шаарына келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 2-ноябрда билдирди.

КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны тар жана кеңейтилген чөйрөдө өткөрүлүп, жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

Мындан тышкары, Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаевдин КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×